Карасөз

Эссе

Жума намаз (аңгеме)

Ностальгия (аңгеме)

Алтын аяк (аңгеме)

Төңкөрүш (аңгеме)

Эне (аңгеме)

Жашыруун нике (аңгеме)

Көрүнчү (аңгеме)

Тестиер (аңгеме)

Фейсбуктагы сукпат (аңгеме)

Пляжда жаткандар (аңгеме)

Жинди кыштак (аңгеме)

Ээсиз бакча (аңгеме)

«Чыйп-чыйп» жөжөлөрүм (аңгеме)

Конфуций, Сократ, Диоген & Галдир (аңгеме)

Кежир чал (аңгеме)

Жыт (аңгеме)

Атам мени эмне үчүн урчу эле… (аңгеме)

Сууга жуулган из (аңгеме)

Атактуулар жөнүндө алакандай аңгемелер

Жаңы жыл жөнүндө жомок

Ак сакал Аяз ата менен кара сакал Молдоке


Котормолор

Жозеф АДДИСОНдон (1672-1719), англис жазуучусу

Мусулман санаттарынан

Акылдан тамган шоола (кытай аалымдары)

Томас ФУЛЛЕР: “Жалкоонун тили эч чарчабайт”

Бенжамин ФРАНКЛИН: “Касыңа карыз берсең достошосуң, досуңа карыз берсең, коштошосуң”

Сьюзан МАСГРЭЙВ: «Сени артыкча сүйөмүн»

Жонатан СВИФТ: «Дин – жандүйнөнүн жин оорусу»

Шарль де ЛИНЬ: «Адамдын адамдык касиети – жаңылышат»

Дени ДИДРО: «Аялдар ойсокелигин карматарда уялымыш этет»

Байыркылардын акылдан тамган шооласы

Ллойд МОСС: «Зиң, зиң, зиң – Гармония!»

Сэмюэл ЖОНСОН: «Эртең» деген сөз чоң алдамчы»

Махатма ГАНДИ: «Кудайдын бир да дини жок»

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ: «Чындыкка караганда катачылыкты оңой табасың»

Абулкасым ФИРДОУСИ: «Сиявуш жөнүндө дастан»

Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ: «Сараңдар кудум эле жугуштуу оорудан корккон адамдардай…»

Линда Бут СВИНИ: «Шамалдын учуру»

Мария ЭБНЕР-ЭШЕНБАХ: «Акылдуу аялдын табигый душманы – миллиондогон зөөкүр эркектер»

О кандай шор: акылмандан акмак тукум төрөлгөн! (Мусулман санаттары)

Памела Дункан ЭДВАРДС: «Дүйнө уктап жатканда»

СААДИ: Барабан дүңкүлдөгөн жерде сыбызгыган чоор үнү угулбайт (Мусулман санатынан)

Тимур ЗУЛФИКАРОВ: «Эл чыныгы журт башысыз жок болуп кетет»

ВОЛЬТЕР: «Молдоң дөдөй болсо, Кудайдан да шектенесиң»

Лао-Цзы: «Өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет»

Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим (Мусулман санаттарынан)

Буйвол жана чымчык (Филиппин жомогу)

Ак аю менен күрөң аю (Ненец жомогу)

Балдар үчүн тамсил

Эдмунд БЕРК: «Бийлик канчалык тайраңдаса, анын тагдыры ошончолук опурталдуу»

Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат

Бардык жаманчылыктын себеби камаарабастыктан чыгат (Мусулман санаттары)

Жашоо маңызын сезбейбиз, болгону жашап жүрөбүз

Нинон де ЛАНКЛО: Сойкунун афоризмдери

Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ: «Ач көз адамдан өткөн шоркелдей жок»

Франсуа де ЛАРОШФУКО: «Биздин булчуң этибизден да мээбиз жалкоо»

Жан ЛАБРЮЙЕР: «Ойношчул аялдын сыры…»

Акыл азык

Бальтасар ГРАСИАН: Акылмандын ой нөшөр

Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт

Жорж Бернард ШОУ: «Ийгилик жолунан тайган сайын атагым дүңгүрөп турду»

Хун ЦЗЫЧЕН: «Бакыт жана шор»

Хун ЦЗЫЧЕН: «Бакытка куулук-шумдук менен жетпейсиң»

«Калем – жазуучунун куралы эмес, организми» (Франц Кафка менен Густа Яноухтун маегинен үзүндү)

Улукмандан улуу кеп

Френсис БЭКОН: Ой азык

Абай азык

Оскар УАЙЛЬД: «Эркек менен аялдын айырмасы»

Тагдыр, бакыт жана шор

Марк ТВЕН: Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштадым


Интервьюлар

FAKT.KG: “Эгер Манастан туулган баатыр элдин тукуму болсо эмне үчүн мага окшогон жалгыз калмактан коркот” (Видео)


Публицистика

Раевдин «Жанжаза» романы жөнүндө сөз


Поэзия

* * *

Айланам туман.
Арсар ой турам.
Алдымда жолдон
адашып улам…

Шамал бир улуйт,
кайрадан дымыйт.

Мен барар дарек –
турган бир терек.
Кыш келип бирок
кыйылса керек.

Жок башка белги:
жоготтум ченди.

Көктөгү ай да
көрүнбөйт кайда?
Түн менен туман
түгөттү айла!

Кайра артка болжоп,
кайтаар же жол жок…
25.01.15-ж.

 

* * *

О, Жараткан бер азапты башыма,
азабыңды көмөйүн көз жашыма.

Буюрсаң да мейли мага күйүттү,
буюргандай жакшы тилек, үмүттү.

Күйүнүчсүз сүйүнүчүң болобу,
күйүт тартыш керек экен оболу.

Башың канча батар болсо кайгыга,
бакыт өзү келет экен алдыга.
22.04.2015-ж.

 

ЖАНМААНАЙ

Өзүм менен өзүм болуп тунжурап,
айталаада капкараңгы түн жиреп,
тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.

Бир бурч мага жетет эле… Бул тапта
мен өзүмдөн кайда качып кутулам?
Жетер жерге жетип теним муздаса,
санаанын да жете турган учу бар.

Бейестердин арасында караңгал,
бейес мен да, ишенимге таянган.
Санаасы жок жашап өтүп кетсем дейм…
бирок санаа тартып калар балам бар.

Аза бойду азар басып турганда,
эгер жанда адам болуп сырдашар,
өрөпкүп бир өпкөм тийбей өпкөгө, –
жеңилденип албайт белем ыйласам.

Азап, азап жаш чыкпаса көзүңдөн, –
көөдөндө бир бук жетелейт озунган…
Көзүм жеткен көп нерседен алдандым,
көңүл сууду душманды кой, досумдан.

Кездер болду түз жол чыгып алдымдан,
келди-кетти кыялдарга алдырган…
кээде туруп өз башымда чоң азап
мага күйбөй тургандарга кайгырган.

Өзүм менен өзүм азыр тунжурап,
айталаада капкарагы түн жиреп,
тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.
21-февраль, 2004-ж.  

 

* * *

Айланат сыртта бурганак:
ак карды кумдай сапырып,
айдарым жерди жулмалап.

Электр зымы уңулдап,
жүрөгүм менен тыңшасам:
ааламдан келген – Муң…Үн…Дат…
20.01.15-ж.

 

ЖАНШЕРИК

Б.Н…

Таза, тунук күлкүң менен айыктым
таянычын таппай жүрүп жарыктын.
Жылдыз көктөн чачпай нур
жылдар сымал карып күн…

Ай, Күн суздай… Асман да сур мелтиреп…
тагдыр башка сыноо берип энчилеп,
көөнө ушул турмушка
көөнүм тартпай элчилеп…

Кирпик менен жерди чийип, көңүл – муң,
кирдеп дүйнөм, санааларга көмүлдүм.
Сенектикте бир күнү
сен жарк этип көрүндүң.
2013-2014-ж.ж.

 

ЖАТАКАНА

1.
Өзүм менен өзүм болуп бөлмөдө,
жатакана болучу жашаганым.
Кызыкканым китеп эле
жыйнап койгон дубалдын боорундагы,
нечен улуу кеменгер.
Үстөлүмдө жыйылчу эмес анан да
түрдүү, түстүү гезит-журнал дегендер.
Убакытка сараң элем,
башкачале дымагым,
көздөгөнүм алыс болчу…
түнү бою өчүрүлбөй чырагым,
башты тартып шаан-шөкөт сыйлардан,
мени алакты кылар дагы
музыка эле табак, табак жыйналган.

Алга коюп бир максат көздөгөндү,
жагар эле жалгыздык…
жашаганым туурабай өзгөлөрдү.
Коңшу турган бирөө менен ишим жок,
чуру-күүгөгө айланткан бөлмөлөрдү.

2.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Шаар ичи болсо да даңылдаган,
тоонун суусу акчу эле шарылдаган.
Сайды бойлоп чарчасам, дем алчумун
шаар үнүнөн кулак, мээ заңылдаган.
Жадасам да шаардын куу турмушунан,
жаңы келип айылдан
кымбат болуп жеталгыс айыл мага…
кусалыктан көөдөндө айырбаган,
ошол кез-ай, ошол кез…
жадатты эле шаар мени, жадатты эле,
траллейбус, автобус каршы-терши
канжолдогу каттамы жаңылбаган.

Жатакана шар суунун боюндагы,
мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
эстегеним: ошондогу көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!

3.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен айылга биротоло камынып
кете турган болгондо
мени кармап калды элең,
далай жолу толгонгон.

Бойлоп басып сай жээгин,
зырп-зырп этип сай сөөгүм…
кыялбадым кыялда максаттарды,
өзүмдү өзүм турмушта аксатканды.
Анан дагы кыйбадым:
кылыгы бар мага коңшу келинди,
анда-санда башбагып кирип турган,
не ыр жаздым, жазбадым билип турган.

4.
Өз алдымча турмушка беталгамын.
Бирок жадап шаардагы тириликтен,
айыл жакка камынып, жеталбадым.
Үйрөнгөн соң жалгызбой тириликке,
керме тартып керилте,
кир-кечегим өзүм жууп, өзүм жайып,
түнөгүмө айланып биротоло,
сени кыйып айылга кеталбадым.
Чемоданым көтөрүп,
дегдеп жүрүп айылга жеткен менен,
бир аз күнчө өрүш алып жөнүгүп,
кайра өзүңдү сагынып, жатакана,
кайтар элем,
туулган жерден сен артыктай көрүнүп…

Сенде жашап жүргөндө:
убакытым сая кетпей күнү-түн,
иш үстөлдөн баш көтөрбөй үйрөнгөм.
Анда жалгыз билим экен үмүтүм.
Дүйнөсүнөн китептердин чыгалбай,
бири сала биринен,
уч-кыйры жок биригер…
пир тутканым: Фрейд, Фромм,
Юнг, Сартр, Камю, Ницше, Кант эле.
Окуу, билим мен үчүн
баш тартпаган ант эле.

5.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Чарчаганда дем алып (күргүштөгөн)
суу жээгинен ой издеп басар элем.
Ой кармалса, олжо тапкан немедей,
өз бөлмөмө кайрадан шашар элем.

Каршы-терши, каршы-терши канча ирет,
тар бөлмөдө кадам шилтеп кайчылаш,
көрүнчү эмес мен көздөгөн жол учу…
Тар болсо эгер, тар болгондур ал бөлмө,
дүйнө бирок тардыгы жок болучу,
ой чабыттын кенен эле өрүшү.

6.
Өзүм менен өзүм анда эндекей,
катышым жок тууган менен жатындаш,
бул дүйнөдө коколой баш бөлүнгөн,
далайларга мен кесел жан көрүнгөм.

7.
Жатакана жашоосу күү-шаң эле,
шаңдуу ошол жатакана ичинде
жантуйгу бир коңшу келин бар эле,
мээрим төгүп, мени аяган жароокер
коңшу келин тырс-тырс кагып эшикти
кирип келсе, көзү күйгөн шам эле.
“Азгырыгың келдим, – дечү – кечиргин,
келгендигим: сени ойлондум, эзилдим…
бирин мага бөлгүн – дечү – кечиңдин…”

8.
Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Канчалаган кыял, тилек, ырларга
учкан уя сен элең…
Жаштыгымдын жалын кези
өттү сенде жашап жүргөн жылдарда,
калды сенде көкүрөктө эң аяр
купуялуу сырлар да…

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
Эстегеним: аттанарда өзүңдөн
алыс, алыс көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!..
Февраль – март, 2004-ж

 

ЖҮРӨК

«Оорутпа, – деп айтасың – жүрөгүңдү…»
Жүрөк кантип оорубайт?
Жүрөк оору дегендин
канча бир себеби бар!
Жүрөк ооруп, жүрөк сыздап турбаса –
эт жүрөктүн анда эмне кереги бар?
«Жүрөгүңө баарысын алба» – дейсиң.
Кантип албайм?
Кабыл албай жүрөктүн тереңине,
жүрөктү аяп жашаштын кереги не?

Согуп турган жүрөгүң оорубаса,
сыздабаса, кайгырбаса, толгонбосо…
дүк, дүк этип
булчуң эти серпип-серпип турбаса,
мерес болуп катып калар,
кайгы-капа, ыза-муңду туйбаса.
Бул жүрөктү жүрөк деп эсептебейм:
өзгөгө эмес,
жалгыз гана өз кайгыга туйласа.

Өзүм гана жүрөк оору болбостон,
жүрөктөрдү оорутуп да, сыздатып,
жүрөктөрдү дүргүтүп
ойготкум келет менин.
Демек анда,
оорлуу болсун дайыма жүрөк демим.

Жүрөктөрдүн каалгасын кагыш үчүн,
ошончолук жүрөктөрдүн кайгысын
жүрөгүмө эң жакын кабыл алам,
кезинде ушул: дүк-дүк деп талыбаган.

Жароокерим, сенден бир суранычым:
мени мындай аёо менен караба.
Мени аясаң аягын,
жүрөгүмдү аяба!
4-февраль, 2003-ж.

 

* * *
Бөйрөк майдай булуттарды апаппак
сызгырды да чала-була батаар күн
кирди уяга. Калдым кечти бүгүн да
узаталбай санаа менен катар бир.

Ай эндекей жалгыз бүткөн бөйрөктөй
ажыраса курчоологон булуттан:
а мен жерде Айды тиктейм кусалуу
ажырабас ойлор курчап буюккан.

Туш-туш жакка тарап эчак булуттар
айланасы Айдын тыптынч мунарык
болгон үчүн көлмө турат тушумда
менден бетер көктү тиктеп муңайып.
Сентябрь, 2009-ж.

 

ӨКҮТ

Арбын түшкөн жемишинен түбү көң
арааласам карт даракты түбүнөн:
асман бетин чийип барып кулады
жүрөк «селт» деп аянычтуу үнүнөн.

Жерге тийип качыраган бутактар
бутак эмес, жер таянган кучактай…
тирүү жандай үн чыгарып акыркы
жүрөгүмдү тилип өттү бычактай.

Жемишин жеп жүрдүм канча мактап да
акырында ушул эле максаттай,
карап турдум кулап жаткан даракты
бир өмүрдү кыйып салган акмактай.
30-сентябрь, 2009-ж.

 

* * *
Жаманчылык-жакшылыкта каттаган
айылым бар Атбашыда – Акталаа.
Чурулдашып салам айтып алдыман
чуркап чыга калган балдар жат мага.

Айда-жылда келсе келет экемин…
Келбесем жок. Шаарда турмуш кечемин.

Бир кезекте мен ойногон көчөнүн
алик алып саламын,
ичим тыз деп өтөмүн…

Жакшылыкта-жамантыкта каттаган
айлым сага Акталаа,
куса менен келдим бүгүн
көөдөнүмө батпаган.

Өткүчөктү далай айыл-кыштактан
өрөпкүтүп кусалыгым туш жактан…
билбейм мага сезим келди кайдагы:
мүрзөдөгү шыбак жыты сагынтат
атам жаткан жайдагы.

Айылыма келген күнү негедир:
үйгө эмес тартат бутум адатта
атам, апам жаткан күмбөз тарапка.
2006-2010-ж.ж.

 

АПАМДЫН ЭСТЕЛИГИНЕ КЕЛИП…

Чымчык сайрап сага келип ыраактан
булак көзү токтоп калбай шыр аккан…
тегерегиң биз курчабай курчасын
турпагыңдан өскөн гүл, чөп, шыбактар.

Жамгыр төксө төксүн жашын ар жылда
жаш төкпөйлү арбагыңдын алдында.
Бейиттерди бейубакта аралап
шамал боздоп турсун ушул айдыңда.
Сентябрь, 2009-ж.   

 

БЕШИК

Төрөлгөндө наристе
эне бөлөйт бешикке.
Наристени терметкен
эне өлсө, табытты
чыгарарда эшикке:
бешик сымал термелип
узайт сөөгү табытта…
жер эненин койнунан
оюп койгон тешикке.
Февраль, 2009-ж.

 

* * *

Берген эмес кудай артык жанды маа,
өлсөм көмүп салбай жердин алдына:
кар чүмкөгөн же шыбактуу талаага
сөөгүмдү бүт өрттөп чачып салгыла…
20-11, 2006-ж. 

 

АКТРИСА 

Сен жөнүндө ойлоп жүрүп асылым,
жашаптырмын канчалаган жашымы.
Көрелекмин о бир кездей күнүгө,
ажар тамган кирпигиңи, кашыңы.

Ошол күндөр нече жылдап баратат,
эстутумум кээде жүрөк канатат…
Унутайын дедим канча өзүңдү:
үйбүлөмдө болбос үчүн жаракат.

Токтоткомун сага жазган “Арзуумду”,
балдарыма арнап ата парзымды.
Ичте күйүт болсо дагы жашадым
телегейим тегиз, бактым бар сындуу…

Мына кайра оргуштаган булактай:
мен далай жаш өргүп калган куракта
капилеттен эстутумдан ойгонду
тынч сезимдер, тээ качанкы убактар!

Күйгөн сайын жаным сүйүү зарпына –
күйүт басты күйүтүмдүн артынан.
Эстутумду албайт кудай эмнеге!
Эстен баары өчсө гана жан тынар…
Январь, 2012-ж.  

 

МЕТАФОРА

Жарык тамган терезеңдин тушунда,
сени күттүм… калч калч этип түшүмдө.
Кычыраган кыш түнүндө ай жарык,
муз үйүңдү жүрүптүрмүн айланып.
Муздан үчүн төрт тараптуу дубалың,
муздактагы сенин ойлоп убалың,
кирейин дейм муз үйүңдү балталап,
жарык тамган терезеңди талкалап,
бирок сынбайт терезеңдин эч жери…
аяз кышта амалым жок эч менин:
кыяматтай башка түшүп ушул күн,
уяң жүндүү балапандай үшүдүм.
Кайдан-жайдан муз үйүңдүн капталын
бир убакта кызыл жалын каптады.
Эрисе да дубалыңдан муз тайып,
өрт койнунда отурдуң сен сустайып.
25.12.05. 

 

КЕЗДЕШҮҮ

Капилеттен кез келип,
бейтааныштай көздөнүп:
сен да, мен да бул жолу
баягыдан өзгөрүп…

Сен аздектеп тарачу,
мен суктанып карачу,
агарыптыр баягы
саамай чачтын арасы.

Баягы эмес ажарың,
барбы билбейм, баяның?
Илбериңки кезиң жок…
ич тыз этип карадым.

Санааң көппү тагдырда,
салып башты алдымда,
шарт бурулуп жөнөдүң,
бир кезигип, сан жылда…
Декабрь, 2006-ж.

 

БЕЙБАК
I.
Кыялкеч кезиңдеги
кылыгың эсиңдеби?
Жаныңда жөргөн жигит
жароокер сезилгени.

«Тарттырбас убайымды
таптым – деп, – жубайымды,
жеңилим жерден алаар
жедирбес убайымды…»

Алыскы чекте деген,
артынан кеткен элең.
Баёлук сезимиңде
бакытка жеткен элең.

Барынан кечкендегиң –
бактыңан шектенбедиң!

II.
Жыл өткөн соң саналуу
жыргалың жок баягы…
Кайтып келдиң кайрадан
каркырадай аялуу.

Кечээ жүргөн сүйүнүп,
келечегиң бүлүнүп…
Бүгүн минтип турасың,
жаш өмүрүң күбүлүп.

Кечээ жүрсөң күйүтсүз,
бүгүн болдуң үмүтсүз!

III.
Кыялкеч кезиңдеги
кылыгың эсиңдеби?
Жаныңда жүргөн жигит
жароокер сезилгени…
Январь, 2007-ж.

 

ОЙСОКЕ

Кумар кылып назданганы жаныңды,
куюнганы атыр эле жагымдуу.
Далбасташып аркасынан жигиттер,
далай сезим сууган эле жалындуу.

Далай мырза азгырыкты көрөлек,
далай жигит колуктуну өбелек,
колун сурап ал зайыптын алдында
корстон эле турганына чөгөлөп.

Зарласа ким – ал ансайын көшөргөн
зайып эле жасалмалуу жөтөлгөн.
Бир заматта ийкем кылып салуучу
мырзаларды боюн бийик көтөргөн.

Далайлардын кытыгылап сезимин,
дайын үчүн баркы-баасы өзүнүн:
«Аялдан мен бийик» деген эркекти
айландырчу агы менен көзүнүн.
2006-ж.

 

ПАСТЕРНАКЧА

Түш экен баары. Күз экен алтын сапсары.
Курбулар менен шарактап күлүп саптагы…
билектен алып жетелеп жүрөм өзүңдү
асманда шаңшыр акшумкар сымал таптагы.

Сапсары талаа жалбырак жалаң көмүлүп,
сабынан топтун экөөбүз алыс бөлүнүп…
жадырап турдуң, жароокер жаным маңдайда
жайылган чачың колумда тал-тал өрүлүп.

Мөңгүдөн алыс жапсардын аңыз өрүндө
курбулар биздин кеп салат арзуу жөнүндө:
«Гүлзарын төккөн бейиштей жерде бетме-бет
кезикти – дешип, – дартызар экөө өмүрдө.»

Эзилет шакта аярлап желден терип жээр
эрдиңдей кызыл бүртүйүп бышкан жемиштер.
Ажайып андай жер жоктур жердин үстүндө
айлансын андан керемет деген бейиштер.

Жорудум түштү: кезикпес жанбыз оболу…
түштөгү көргөн о андай күнүм болобу.
Түш эмес билем, бейиштен сага кезикпейм,
бейишиң эмне, ал диндин жалган жомогу.
30-сентябрь, 2007-ж.   

 

АК КАРЛУУ КЕЧ

Чачың кара кундуздай. Меникичи…
Айыбы жок көзүңдү кадабачы.
Садагасы, таңгалып, аяр сылап
буурул түшкөн чачымды тарабачы.

Ак кар тышта сампарлап. Сен экөөбүз
маңдай-тескей олтурган маанайы суз…
жеңилдесек о, кана үшкүрүнүп
кыштын ушул кечинде таалайы сыз.

Сырттан кирип, кар салып моюнума,
оюнуң да кандыбы? Бубак кардай
агын санап чачымдын муңайасың,
бирибизге бирибиз чукак жандай.

Улайм кантип муңайган көңүлүңдү?
Келдиң мага күтүүсүз ала таңдай.
Эркелетип жүрөйүн карындаш деп
балапандай жөн гана, балапандай.

Каргылданба, кайгы бар менде дагы…
кар жаай берет ушинтип жер бетине.
Карлар эрип, жаз келет табиятка
жаштык келбейт а менин келбетиме.

Жантуйгу деп санаба, мерес кээде
өз кыялым өзүмө дайын эле:
аппак кардай көңүлүң кирдейт бир күн,
ысык болбос мээримим дайым эле.

Сен жалынсың алоолоп. Мен от эмес.
Терезедей муздакмын. Алаканым
ысык болуп ээгиңде турган менен
а ичимде суз тартып баратамын.

Ажарыңдай ажайып айланабыз.
Үндөбөгөн сырттагы теректердей
үндөбөйбүз биз дагы үй ичинде.
Үшкүрүнөм бар үчүн себеп менде…
Январь, 2009-ж.  

 

* * *
«Сүйгөн адам сезим үчүн бактылуу
Болбойт аны бактысыз деп айтууга»
Мухтар ШАХАНОВ

Биз жээгинде тыңшап көлдүн шооратын, –
түшүнүп да, түшүналбай олтурдук
келди-кетме бул өмүрдүн ооматын.

Көл жээгинде шарп-шурп майда толкундар –
жүрөктөгү толкундарды жаратты
экөөбүздүн үнсүз муңдуу олтурган.

Төнүп ойго… Үндөбөдүк мелтиреп.
Көөдөнүмө сен баш жөлөй калганда:
тыным ала түштү бир маал берки жээк…

Көл толкуну өтүп биздин жүрөккө,
көргөн жандар ойлогондур: «Арзууга
азыр гана кабылды, – деп – бул экөө».

Кучагыма кыса тартып сени мен,
көөдөн кере үшкүргөнүм эмнеси?
Толтурчудай бакытымды кемиген…

Жээкте көпкө тыңшап көлдүн шооратын, –
түшүнүп да, түшүналбай бейпаймын
келди-кетме махабаттын ооматын…
Май, 2011-ж.

 

ДИАПОЗОН

Айым десем, Айымсың:
үн катпай мелтиреген.
Күнүм десем, Күнүмсүң:
нуруңду мен тилеген.

Жылдыз десем, түгөнгүр…
бийикке оболодуң.
Периштеге теңесем,
жаныма жолободуң.

Көп асылга теңесем:
көөхарсың өмүрдөгү.
Гүлүм десем, гүлдөйсүң,
көз артчу көрүнгөнү…

Жер үстүндө жүрсөң да,
жетпестен өзүңө түк –
окшоштуруп баарына
кетеби көзүм өтүп!
1-декабрь, 2011-ж.

 

СТАКАТТА

Көздөрүңдө турат тагдыр окулуп,
көөдөнүңдөн чыкпаса да үшкүрүк…
(Кирпигиңде калган жазуу токулуп).

Көз алдабайт. Ташка тамга баскандай
жазуу турат: муң, шат, кайгы тепчилген.
Турмушта бу зирек чыгат азган жан.

Жонуңда жүк… А жаштыгың солкулдап
жаңылдым деп эрден издеп бактыны –
таалайыңа буйруп ушул жол турган.

Ажарыңа артып көзүн далайлар,
мөлтүрөгөн карегиңе кадалат,
менден жаштар, мен сыяктуу карайлап…
3-август, 2014-ж.

 

* * *

Карманууга эрким жетпей калган күн,
турдум көпкө сырт жагында каалгаңдын.
«Ачкын» десем: «Неге кайра келдиң?» – деп,
мен жалынып, а сен мага жаалдандың.

Жаалың бирок кайнаса да канчалык,
жароокерлик кылгандыгың байкалып…
жаанга калып шөлбүрөгөн түрүмө
мерес мүнөз болалбадың анчалык.

Каалгаң «шырт» деп, көрүнгөндө улагаң,
маңдайымда турган сага кулагам.
Көздөрүңдөн жаш мөлт эте түшкөндө,
көөнүң мендик экенине ынагам.

Биздин тагдыр эки айрылыш болучу,
мен мейманың бир түн гана конуучу.
Сен эртеси ыйлап кала берчүсүң,
башка жакка мени азгырып жол учу…

Экөөбүз бир түтүн булап калганга,
тилек кылып, болдуң канча арманда.
Кол-жолум бош жүргөн үчүн тек гана
адат эле сага жетип барган маа.

Ошол кездер – туш келдиге жетелээр,
оюн менен өтүп шаттуу кечелер…
бу дүйнөнүн бир бурчуна камалбас,
жаштык экен бардыгына текебер.

Көп жылдан соң кезигиштик кайрадан,
бой ургандай күр-шар аккан дайрага:
о качанкы кучагыма куладың,
мен да эчкимге минтип кулач жайбагам…

Сен экөөбүз жан кыйбастар окшойбуз,
эмне мынча алоолонгон оттойбуз?
Тирүүлүктө жүрүп канча көрүшпөй
эми неге сүйүүбүздү жоктойбуз?…
Май-июнь, 2011-ж.

 

ОКШОШТУК

Тунжурап турат асман туман чалып,
бозоруп жер караган жетим сымал.
Теребел шамал дуулдап, улам чаңып,
от жанып коломтодо бийлейт цыган.

Отундан таштап коём. Чарт-чурт үндөн
жадабай. Жалын отко көздү кадап:
жалындын ортосундай дуулдап күйгөн
отурам тээ бир өткөн кезди самап.

Сырттагы шамал үнү аңылдаган
ыйындай Дон Хозенин кулагымда.
А Кармен маңдайымда жалындаган –
кызыл от бийлеп аткан. Дубалымдан

киралбай сырттан үйгө боздоп шамал
(Дон Хозе ойсокесин кысканып тур,
Карменин имерүүгө таппай амал)
жулкунат улам-улам кабагы сур.
Март, 2012-ж.

 

* * *
Кең ааламда жашап жүрүп кысылып,
келди мага мамындай бир түшүнүк:
кемчонтой кеп салып турса эп экен
кеменгердин зоболосун түшүрүп!

Чым жаздантып кара жерге бергис дээр,
тентип жүрүп өлүп кеткен дервиштер…
Жүзүң куруп калсын ушул кең аалам
Хафис, Саади, Жами, Руми келгис жер…
27-август, 2015-ж.

 

* * *
Саркеч кийип, жаңылантып оо дагы
адамзаты кууп жашайт моданы.
А табият мода куубайт. Түбү өнүп,
анын жаз, жай, күз, кыш көркү түбөлүк.
17-июнь, 2014-жыл

 

ТҮН

Көрпөчөнүн айрыгындай булуттун
аркасында ай жашынып туруптур.
Жылымтыксыз ай нурунан көктөгү –
«жарк» дей түштү сокур көзү кудуктун.
3-июнь, 2013-ж.

 

САПАР

Жолдой мейли тапталайын кордолуп,
бирөөлөргө берсем болду жол болуп.

Өмүрүмдүн сапарына келет күз,
кыйшык жолдо жашап өтүүм керек түз.

Достор курчап турса бүгүн туш жагым:
билбейм эртең кимиси кас-душманым…

Ошондо да доско, каска, баарына
жол болоюн чыдап турмуш заарына.
Декабрь, 2010-ж.

 

МИНОР

Чакмак таштын учкунундай бул өмүр
бир жылт эткен жарык экен болгону.
А көктөгү жылдыздардын өмүрү
балким андан узак тиги жондогу…

Мен тиктеген жондон ары кулады
азыр эле жылдыз зуулдап асмандан.
Дал ошондой биздин өмүр бийиктен
куласа ээ, тажагандан, шашкандан.
2-март, 2011-ж.  

 

ОКТАВА

Жаштык эмне?
Түркөйлөргө – агуу бирге сел менен,
эстүүлөргө – дайра артка келбеген.
Карылыкчы?
Түркөйлөргө – ызгаардуу кыш кейиштүү,
а эстүүгө – күзгү терим жемиштүү.
Өлүм эмне?
Түркөйлөргө – бейиш-тозок ылайым,
эстүүлөргө – Теңир берген ырайым.
21-ноябрь, 2011-ж.

 

* * *

Бака үнүн угуп түндө чардаган –
өз үнүмдү таппаганга арданам.

Өзөгүм өрт, өмүрүмө актай бу…
кайран өмүр сая кетип жатпайбы!
2-июль, 2010-ж.

 

* * *

О, Жараткан бер азапты башыма,
азабыңды көмөйүн көз жашыма.

Буюрсаң да мейли мага күйүттү,
буюргандай жакшы тилек, үмүттү.

Күйүнүчсүз сүйүнүчүң болобу,
күйүт тартыш керек экен оболу.

Башың канча батар болсо кайгыга,
бакыт өзү келет экен алдыга.
22.04.2015-ж.