Поэзия

* * *
Аалам сырын ачабыз деп катылган,
Ой берметин өмүр бою сапырган.
Таба алышпай эң негизги чордонун,
А деп, бу деп өткөн далай акылман.

 

* * *
Бил тигинин билим чыйрын ачканын,
Ой бурагын ай-асманга чапканын.
Түшүнүптүр ким экенин, шылкыят
Байкуштун көр көз жашынын акканын.

 

* * *
Жан бүткөндүн жаш-карысын карабай,
Баарын терип, алат өлүм ылгабай.
Өчпөс өмүр болбогон соң түбөлүк,
Бири артынан бири кетет кармалбай.

 

* * *
Гүл тийбесе, гүл сабына куп дейли,
Күн тийбесе, чок табына куп дейли.
Буюрбаса имам, мечит, асасы,
Чиркөө зуннар, попко деле куп дейли.

 

* * *
О, Кудай! Топурагым жууруптурсуң не кылам?
Турпатымды калыптап, куруптурсуң не кылам?
Кылаар күнөө соопту өзүң ойлоп таапсың,
Ошолорду тагдырга буйруптурсуң не кылам?

 

* * *
Мобу сонун эриндерге жылмаюуну ким берген?
Аса күтсөң үстөгүнө кыйналууну ким берген?
Кереги жок бактысынын, жетет бизге бейпилдик,
Жаратканы көбүбүзгө ыйлоо, кыйноо бүт берген.

 

* * *
Өмүрүбүз текке кетти! Кантелик…
Көр оокаттан чыга албай күн өткөрдүк.
Эч нерсеге турмушта үлгүрө албай,
Кош айтышып бир паста кете берди.

 

* * *
Жүзүңөр да, чачыңар да супсулуу,
Келбетиңер кипаристей так куду.
Эмне өстүңөр гүлзарында Теңирдин
Бушайманмын түшүнө албай ушуну…

 

* * *
«Шарапчылар тукумунан» десең мени, шарапчы,
Нечен мүнөз өтмөк анда көз алдыңан, шарапчы,
Кандыр мени шарабыңа кечейин мен алардан,
Мейли унутсам ошондо мен, ким экеним, шарапчы.

 

* * *
Маңдайыңа тагдыр жазып койгонун,
«Өзгөртөм» – деп бөөдө убара болбогун.
Далбас урба, колдон келбес нерсеге,
Бар болгонун сарыптоону ойлогун.

 

* * *
Жүрөк эңсеп эркиндикти чыкса торун талкалап,
Кайда барат, о шарапчы, океан да чар-тарап?
Тээ береги мойну кылдай, чедирейген ит сопу,
Кудайга кой жыгылбаса, ууртаса эле ал шарап.

 

* * *
Күлгүн жаштын китеби бүт окулду,
Өмүрдүн эрте жазы түстөн оңду.
Аттиң ай! Кубанчымдын кушу кайда?
Кайда учуп, кай жайга барып конду?

 

* * *
Колго тийсе тагдырлардын бал китеби сайраган,
Болгондорун бүт өчүрүп жазат элем кайрадан.
Кубанычты көкөлөтө ай-асманга көтөрүп,
Бул дүйнөнү арылтмакмын түбөлүккө кайгыдан.

 

* * *
Жоболоңдуу жолу кан, сак бол бетпак асмандан,
Жолдошторуң жок болсо, алыс болгун кастардан.
Эртеңкиңе ишенбе, түштүгүңө жорго мин,
Аз да болсо артыктыр өзүң өзү башкарган.

 

* * *
Кырчылдаган кыш чыгып, жаз да келет кулпунуп,
Бал китеби тагдырдын бүтүп барат окулуп.
Кайгы өмүргө уу эмеспи, шарап анын куучусу,
Капаланбай ич шараптан чөйчөгүңө толтуруп.

 

* * *
Закым болуп зыпылдап өтүп кетээр өмүрүң,
Ар ирмемин өмүрдүн көтөрүп өт көңүлүн.
Абайлап бак – жаратылыш таажысын,
Кандай келсе сенин сүргүң, шондой өтөөр өмүрүң.

 

* * *
Карачы, береги чопо ийлеп жаткандарды,
Алардын кымындай да иштебейт акылдары.
Тим эле тебелеп, тепкилешет өчү бардай,
Токтоткула! Ал бабаңардын турпактары!

 

* * *
«Албагыла оозго – дейт шабан айда шарапты!
Ичпегиле Раджабда – деп дин сакчысы тажатты.
Бул эки айда ичишеби, кудай менен пайгамбар?
Анда ичкиле өзүбүздүн Орозо айда шарапты!

 

* * *
О, Теңирим! Эти бооруң эзилет бетпактарга аябай!
Энчилепсиң ошолорго: тегирмен, мончо, ак сарай.
Каткан нанга карыздантып, мүңкүрөттүң момунду,
О, Теңирим! Урдум сени, сендигиңе карабай!

 

* * *
Кыйноосунан тагдырдын кутулбайсың жок арга!
Өткөн өмүр – качкан куш, өксүгөндө не пайда!
Өмүрүңдү өткөрүп кал шарап ичип, шапар тээп,
Куру бекер кууратпагын курган жанды, абайла!

 

* * *
Бул заманда айгак болот бир көзүңө бир көзүң,
Топ жыйындан алыс болгун кызыктарбай эл көзүн.
Байкап көрчү турмушуңда көңүл чапкан кишиңди,
Балким, аның душман болуп жүрбөсүн?

 

* * *
Кимсиң өзүң бул дүйнөдө? Сөлөкөтсүң болгону!
Сөлөкөтсүң – кудай унут, шамалдай бош кол-жолу.
Өмүрүңдүн баш, аягы көз жетпеген мунарык,
Туш-тарабың сөлөкөттөр, а сенсиң бирөө болгону.

 

* * *
Кандай кайгы жандарыбыз үзүлгөндө мелтиреп,
Кайда кетет түшүнбөйбүз… Жүрөктө муң чертилет.
Акыреттен кабар алып, эч кимиси келген жок
Кандай күнгө кабылып, жүрүшкөнүн тентиреп?

 

* * *
Шарап ичсе биз менен какайган дагы ийилмек,
Чечилгенин көргөнмүн чатышкан далай түйүн бек.
Шайтан Иблис шараптын татып калса даамын.
Адамга айтып алкышын, миң мертебе жүгүнмөк!

 

* * *
Сенин жүзүң шарапчым Жам күзгүдөн сулуураак,
Өлүп кетсек сен үчүн, өмүр өтөөр сыйлуураак.
Басып кеткен издериң жоосун алат көзүмдүн,
Асмандагы жайнаган миң жылдыздан нурдуураак.

 

* * *
Келгенимди бул дүйнөгө жаратканым сезген жок,
Өлгөнүмдө Ай менен Күн, жарык болуп кеткен жок.
Эч ким мага айталбады, эмнеге мен жаралдым,
А эмне үчүн шашып-бушуп өмүр болду өчкөн чок?

 

* * *
Суна электе кайгы толгон табагын,
Иччү эмесмин оргу-баргы шарабын.
Тоё электе күйүт баскан жүрөккө,
Татчу эмесмин тузу ачуу тамагын.

 

* * *
Кумаранын сыныгы да, Жам тагынан барктуураак,
Марьямдын тамагынан, шарап даамы таттуураак.
Ауб-Саид Адхамдардын азан салган үнүнөн,
Баш жаза элек мастардын үшкүрүгү шаңдуураак.

 

* * *
Чопо иштеткен жайга кирсем жолдогу,
Усталардын шып-шып этет колдору.
Кумараны тегеретсем ой менен
Бабалардын турпагы экен болгону.

 

* * *
Мени: «Жүрөт – дешет, масчылыктан бошонбой», – ошондой!
«Ал шойконбай, жер-суу тайыйт кошколдой» –  ошондой!
Эмне дешсе ошо дешсин, алар менен талашпайм,
А мен алардан жакшы билем, кайсы жагым ошондой!

 

* * *
Качанкыга куу турмушка, жүрөктү эзээр экенбиз?
Кайгы жүгүн аягына жеткире алаар бекенбиз?
Тагдырыбыз колдо эмес да башкаргандай өзүбүз,
Акылдуулук болоор беле, багынганда ага биз?

 

* * *
О, шарапчым! Баягы талаадагы гүлдөр көргөн,
Күйүптүр бир жумада ысык күндөн.
Кел ичип, мандалактан терели биз,
Антпесек гүлү түшүп, азат өңдөн.

 

* * *
Мен калтаарыбай каршы аламын өлүмдү,
Акырети түзүкпү?» – деп, ой эки ача бөлүндү.
Эгер бүтсө ичээр суум түгөнүп,
Кайра берем карызга алган өмүрдү.

 

* * *
Жоболоңдуу бул дүйнө конуш болгон далайга,
Конуп-түнөп кетүүчү окшош кербен сарайга.
Толгон токой Жамшиддер той-тамаша өткөрүп,
Бахрамдай хандарды соргон өңдүү жайларга.

 

* * *
Келгенибиз эмне пайда, кетсек кайра дүйнөдөн?
Кайда кетет жандарыбыз калганда биз сүйлөөдөн?
Асыл адам баштарына асман чачты жалынын,
Күлү менен түтүндөрүн алды шамал үйлөгөн.

 

* * *
Табышмагын ааламдын чече албаспыз экөөбүз,
Жазылса күдүк, акыл-ой, ача албаспыз экөөбүз.
Бейиш, тозок пардасын олтурабыз ачсак – деп,
Ачылганда ал парда, кача албаспыз экөөбүз.

 

* * *
Бул турмуштан жооп күтпө, жүрөк кайгың жөнүндө.
Кайда кетти Жам, Кей-Кубад? Сөөгү сөпөт көрүндө!
Ай-ааламың, жер жүзүндө кыбыраган куу турмуш,
Түш көргөндөй закым тура, жылт дей түшчү өмүрдө!

 

* * *
Кантип эле жай таппайлы, эс алууга бу жактан.
Же өмүр бою чыкпайбызбы, жолубуздан бул баскан.
Атаганат болсо гана! Миңдеген жыл өткөн соң,
Чөптөй өсүп чыга келсек, Жер энеден биз жаткан!

 

* * *
О, шарапчы! Мейли мени сүйүп калса чүрөк сулуу,
Жок дебейм, шарап тете жуткурса мүрөк сууну.
Мейли Зухра чанга ойносун, маектешсин Ыйсасы.
Бирок жүрөк каалабаса, болбогон иш той кылуу.

 

* * *
Топ чапкандай айдады го, тагдырыңдын таягы,
Кажылдашпай кач батыраак, жакшы бүтпөйт аягы.
Сурай бербе: Кайда барам? Эмне болот? – деп эле,
Теңир билет. Билбесе анын чапкычтыгы каягы!?

 

* * *
Мен бир күн дагы соо болбодум, тана албайм,
Дайым ичем. Орозодо Кадыр түндө, кур калбайм.
Таң атканча чөйчөк менен өбүшүп,
Кумаранын койкойгон мойнун колдон чыгарбайм.

 

* * *
Сен, матаба мастарды, көрбөгөн соң мас болуп,
Ак жашагын. Былык ишке барбай жүргүн пас болуп!
Ооба, сен мактандың: «Ичпеймин, – деп мас болуп»,
Бирок ичиң толо арамдык агып жатат тоз болуп!

 

* * *
Ич шараптан! Жалгыз ошол унут кылат бардыгын,
Душманыңа тааныттырат, бул дүйнөнүн тардыгын.
Ичпегенден эмне пайда? Кур санаага батасың,
Бул жалганда бир өлүм ак, бүт шыпырат бардыгын.

 

* * *
Айтканыма кулак салчы солтонум,
Жаратканы, көп ойт берет, коркпогун.
Андан көрө, колдо барга тобо – деп,
Тагдыр жазган тамашасын коштогун.

 

* * *
Думананын чапанынан тыгын кылдык кумганга,
Кепелерде топурактан даарат алдык турганда.
Табаар белек кепелерде биз жоготкон өмүрдү,
Аралашып сиңип кеткен топуракка, чаңдарга?

 

* * *
Аалам сыры жазылган, дептерим бар катылган,
Билип калса кууратат деп, эл көзүнөн жашыргам.
Эч бирөөнө айталбаймын, ичимдеги сырымды,
Эл ичинде наадандар көп арамдыгы ашынган.

 

* * *
Жалгыз сенден жашыра албайм болгонун,
Сага ачамын, сырын жүрөк толгоомун.
Сени сүйө көргө кирем тартынбай,
Бир сен үчүн жарып чыгам коргонун.

 

* * *
Ач көздүккө алдырбагын, ойдогуңду жасагын,
Көп ойлобо тагдырыңды, көрөсүң да жазганын.
Жалган өмүр өтүп кетет беш күндүк,
Шарап ичип, ырда, сүйгүн, жашагын!

 

* * *
Ойлосоң да бул дүйнө сен үчүн жаралды – деп,
Акыл калча, ишенбе, ал болбогон кеп.
Сага чейин келип кеткен нечендер,
Алып калгын шыбагаңды, кетелекте жетелеп.

 

* * *
Өтүп жаткан өмүрүбүз каалагандай болбосо,
Өксөгөндө эмне пайда, өзгөрүлүп койбосо?
Өмүр бою келатабыз кайгылуу ойдун үстүндө:
Кеч төрөлүп, эрте өлүшүң, тагдыр тура ойлосо!

 

* * *
Жадыраган бүгүнкү күн, кандай сонун эң мелүүн,
Дыбырт этип өткөн жамгыр жууду талаа гүлдөрүн.
Булбул таңшып, сайрап турат татынакай розага:
«Шарап ичип сени менен келип турат гүлдөгүм!»

Которгон Бейшебек АКУНОВ