Карасөз

Менин Дагстаным (үзүндү, которгон Аман ТОКТОГУЛОВ)


 

Ырлар

ТООЛУК КАРЫЯЛАР

Жашайт тоодо карылар,
Намыска бек, шертке бек.
Сөзү өлсө, өмүрү
Өлүм менен шерттелет.

Жаза басуу, жаңылуу
Түк кездешпейт аларда.
Баасын берет бир карап
Адал менен арамга.

Көзү ачыктай айтышат
Кимдин эмне болорун.
Жоодон өлүп ким эртең
Кимге дөөлөт конорун.

Калп айтканга тетири
Келет бата беришип.
Адилдикти кулаган
Атка кетет эңишип.

Тилге жүйрүк береги
Ак сакалчан карыя,
Айткан сөзү кынаптап
Мүлдө адамга жарыя.

Кагылайын карылар,
Журт эгеси өзүңсүң.
Караңгыда жол тапкан
Калктын кара көзүсүң.

Чабандестин айылга
Не келгенин билесиң.
Жакшылыкты кудайдан
Жана дайым тилейсиң.

Чохтук тиги Камалил
Башыр бала кезинде.
Бир карыя моминтип
Айткандыгы эсимде:

— Сымбатына сук артып,
Ээрчийт далай кыз-катын.
Ал ошентип жейт анан
Акыр жүрүп өз башын.

Шамил окуп шарыят
Дили түшүп куранга,
Калкка өтүп кадыры,
Имам болуп турганда

Гимриндик чал айтты:
— «Шамил жоого аттанат.
Элин алып кырдырып,
Жүрөгүнөн кан тамат!»

Уккан башка карыя,
Акын Махмуд ырларын:
— «Ок жеп өлөт деген бул
Азабынан кыздардын…»

Келем мен да чочулап,
Аксакалдар сынынан.
Тапса кандай болот деп,
Мүчүлүштүк ырымдан!

Карылардын мына ушул
Тоодой бийик кадыры.
Мазар эмей эмине,
Өлсө кокус кабыры.

Собол таштап кайрылсаң,
Дайым жообу табылар.
Сакалдары куудай ак,
Бар болгула карылар.
Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ

 

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО

Улуу баян уялоодо жүрөктү,
Куй шарапчым, мейли шарап же кымыз.
Отурамын жетине албай төрүндө
Улуу адамдын. Улуу инсандын. Ал – Чыңгыз!

Келдик минтип ат арытып жол жүрүп,
Ар кай жерден, ар кайсы элден тоюңа.
Жаш аламын көзгө, досум, анткени
Атаң түшөт, апаң түшөт оюма.

Сени тапкан айланайын энеңден,
Арбагы күч, атаң аскар тоо белем.
Сүйүнөмүн жарылганча маңдайым,
Сүйүнчүңдү бөлөм барып эл менен.

Ооба, Чыңгыз эне сүтүн актадың,
Текке кетпей атакеңдин мээнети.
Мен кыйраттым, мен кыйынмын дебедиң,
Көтөргөндө кыргыз аттуу желекти.

Кеседеги оттуу сууну мына бу
Атаң үчүн, апаң үчүн аламын.
Кагылайын, кудай кошкон кан досум,
Санаалашым, сапарлашым, кымбатым.

Жээкке урунат албуут мүнөз толкундар,
Бороон сынайт кемелердин мамысын.
Кебелбестен келе берет Ак кеме,
Колдоп кыргыз, коргоп Чыңгыз намысын.

Жаман көрбө Расулду Гамзаттын,
Айтпайт кантип бир арманын ырына.
Гүлсарычан качкан авар айлынан,
Ичи күйөт Жамиляга чынында.

Чап чабандес, аргымакты жел жетпес,
Тоскоолдукту жиреп өткүн, сынбагын.
Кагылайын, кудай кошкон кан досум,
Санаалашым, сапарлашым, кымбатым.

Сүйүүбүз ак барыбыздын Мекенге,
Умтулабыз дүйнөсүнө жылдыздын.
Эмгегиң зор, сени менен анткени
Тоосу бийик ак калпактуу кыргыздын!
Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ

 

ГРУЗИН КЫЗДАРГА

Акындардын аты менен ант берем,
Көкөлөтүп мактоо келбейт оюма.
Эске алгыла анан муну – мен азыр
Жүргөнүм жок грузиндер тоюнда.

Белгилүү го, ал тойдогу каада-салт,
Тост көтөргөн жана адам укугу.
Эл алдында көкөлөтүү, көтөрүү
Мактоо, даңктоо кичүүнү да улууну.

Мен антпеймин, калп айталбайм ырыма,
Грузин кыздар ымандай сыр бул өзү.
Көрүшкөн күн силер менен салтанат,
Көрбөй калуу – көңүл чөгүү, өкүнүү.

Айрым-айрым эркектерди, силерди
Түк түшүнбөйм ичкиликке маш болгон.
Сүйүп калып чын дилимен силерди,
Жүрөм дале соолуга албай мас бойдон.

Мейли мени жапайы де, анан да
Тоодон кулап, арка-мойнум сынышын
Тилегиле, грузин кыздар, а бирок
Туура көрбөйм паранжысыз жүрүшүң.

Ал анткени, чырайыңа мен эмес
Түшөбү дейм Кудайдын да назары.
Унтуп коюп өз милдетин анан ал,
Токтобосун тиричилик базары?!

Бабалардын жолун жолдоп, мен бүгүн
Жалдан тартып ат үстүнө минбедим.
Өрттөй жанган кол ойнотуп, кылыч чаап
Айгай салып айылыңа кирбедим.

Ал ошентип алдың менден байыркы
Көкүрөккө катып жүргөн кегиңди.
Акын болуп ырга салдым, даңктадым
Кызы сулуу, кызы пери элиңди.

Аргам куруп, калбас үчүн анан да
Башты чайкап, бармак тиштеп өкүнүп.
Тоолуктарча кийиндирип силерди,
Тоону көздөй кетем атка өңөрүп.

Тоо койнунда улар үнүн эшитип,
Сыр айтасың түрмөктөшкөн булутка.
Көрсөтөмүн булактарды Ай конгон,
Тоолуктарга чыгасыңар турмушка.

Жолуктуруп ырларымдан силерди,
Кирпик какпай түнү жазган мына ошол.
Грузиндер кылыгыма баа берип:
— “Кайран авар, шайтан авар!”- деп коёр.

Мейли, анан силер менен мактанып,
Ажарыңды айга-күнгө теңесин.
А мен болсо тоо башынан силер деп
Күлүмсүрөп, күн кучактап келемин.

Өчөт-жанат көк бетинде сан жылдыз,
Грузин кыздар, ымандай сыр бул өзү:
Каспий жээктеп жашап келет силер деп,
Тоолук акын, тоо сымал кулк-мүнөзү.

Куса болуп, отурганда убай жеп,
Деп айтамын: — “Бир болобуз буюрса.”
Бирок кыздар, суранаарым, акындын
Бул айтканын аялына угузба.
Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ

 

ПАТИМАТ

Келгенсиң дүйнөгө мына бул,
Көзүңө сыр катып карагат.
Апакең алдейлеп уктатчу,
Патимат, Патимат, Патимат.

Түш көрчүң, түшүңдө бир укмуш
Жүрчүсүң гүлзарды аралап.
Көк гүлдөр, ак гүлдөр ырдашчу:
«Патимат, Патимат, Патимат!».

Бой жеттиң, мезгилдер алмашып,
Болдум мен келишкен азамат.
Үйүңдү айланып көп жүрдүм,
Патимат, Патимат, Патимат…

Өзүң деп үшкүрүп бу тоолор,
Өзүң деп сан гүлдөр ачылат.
Ысымың кайталайм күнү-түн:
«Патимат, Патимат, Патимат!»

Кыз күттүк өзүңдөй анан биз,
Татына, көздөрү карагат.
Бакытка бөлөндү үйүбүз,
Патимат, Патимат, Патимат.

Күн батып, моминтип ар күнү
Алпейим бир укмуш таң атат.
Бир сен деп жашайм да, өлөмүн
Патимат, Патимат, Патимат.
Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ

 

ЖЕР АЙЛАНЫП ТУРГАНДА

Суу ичкендей адамдар
Күндү ичтим шимирип.
Өйдөлөдү кайран жаш
Өргө чыктым жүгүрүп.

Аска-зоонун четинде
Күн нуруна кириндим.
Чайга салып жылдызды
Чаңкаганда шимирдим.

Теңир ичкен чыныдан
Аба ичтим кант салып.
Эске албапмын тилимден
Жаткандыгын бал таамып.

Анан дагы бүртүгүн
Кардын салдым оозума.
Жаздым: «Сени сүйөм!» — деп
Жалама зоо бооруна.

Жазды ичтим, дыйкандын
Даркан экен талаасы.
Бурганакты шимирдим
Шимиргендей шарапты.

Асан-Үсөн ийилет,
Кырбуусунда чынымдын.
Жүрөгүмдү тыңшасам,
Доошу угулат кылымдын.

Анан кайра моминтип
Бадал түркүн дан байлайт.
Кулмак аңкып, оролуп
Аска бетин саймалайт.

Жер шарынын көркүнө
Жаш балача кубандым.
Өлүп-талып кыз сүйүп,
Эченине ыр жаздым.

Бал татыган бозо ичип,
Түнү бою ырдадым.
Шарап ичип күйгөндө
Озондодум, ыйладым.

Шарап ичсем мас болуп,
Шапар тепти дебегин.
Өрт чулгаган эл көрүп ,
Оңбой калган жүрөгүм.

Үйлөп салып көбүгүн,
Сыра ичкендей керилип,
Ичтим турмуш маңызын,
Турмуш таттуу сезилип.

Сүйөм, эңсейм, кубанам,
Турмуш чыны кызыксың.
Ичкен сайын жыргаймын,
Таркабайт эч кызыгым.

Жер айланып турганда,
Күдөр үзбөйт адамзат.
Мейли, жокмун мен эртең,
Мендей миңи жаралат.
Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ