Поэзия

КУЙ ШАРАПТАН

Куй шараптан!
Жүрөк бир аз эргисин,
Кутулайлы кайгы-капа
азаптан.
Башка салган бүт түйшүктү
токтотуп,
Ушул дүйнө бактылуудай
сезилсин!

Куй шараптан!
Көңүл бир аз жыргасын.
Кубанычтан мейли көңүл
ыйласын!
Тагдыр бизди,

Толкундардай чайпасын,
алса алсын!
Көздөрүмдөн ызасын!

Куй шараптан!
Сезим бир аз тынч алсын!
Ортобузда арзуу ыры ырдалсын.
Музыканын кубулжуган күүсүндө.
Сезимдерим сен тарапка
ыргалсын!

 

* * *

Көзүм эмес ,көөдөн ыйлап
Шолоктосо кантейин?
Токтоочудай жүрөк муздап
Балким ошого, тетемин.

Кайратымды жыйнадым да,
Карааныңа чуркадым…
Кучак жайып турганыңда,
Эриниңден ууртадым..

Бир керемет жетеледи,
Саамайымдан сүйгөндө.
Жүрөгүңдүн ысык деми
Өрт таштады дүйнөмө.

Жок караанды жакын тутуп,
Жомогума айландың.
Жазбы? Кышпы? Сени күтүп,
Сени күтүп жашадым.

 

* * *

Онтоп келди, оор үшкүрүп бул сезим,
Оо качанкы мезгилимди жетелеп…
Бакыт толгон, күндөрүмдүн белегин
Тааныш эмес көчөлөргө себелеп.

Көтөралбай бул турмуштун оор жүгүн
Экөөбүз тең  шылтоолодук жашоого,
Тартып эми ак сүйүүнүн кордугун
Чөмүлөбүз тизгини жок ойлорго…

Ошол көчө баягыдай кооз эмес,
Күңүрт тарткан, шуудураган теректер!
Карегимде чөгүп калган ал элес,
Балким мага бүт өмүргө керектир.

Улутунуп, узап кеткен сөлөкөт,
Жүз жыл кийин пайда болгон карааным.
А сен мени карабастан жөнөп кет…
Кыйнабасын көөдөндөгү азабым.