Поэзия

АКЫРЫ

Тайыздыкка коем унчукпай.
Тереңдердин болом акыны…
Толкундардай жээкте тумчукпай,
Деңиз бойдон өлөм акыры.

Кербездикке коем терикпей.
Кең ааламдын мен акыны…
Келбеске бир жанды кейитпей,
Талаа болуп тынам акыры.

Мерездикке коем наалыбай.
Мейкиндиктин болом акыны…
Булуттардай буулуп, агылбай,
Мейкин бойдон өлөм акыры.

* * *
Шоокумдар шыбыраган
Толкунга түшүп алгам.
Ойлордун жыштыгынан
Жүрөгүм чуркайт сыртка улам…
Качан бир чыгаар экем
Кан жолдун дал тушунан…
Чуркап баратам.

 

МЕНДЕГИ ”МЕН”

Ааламдын чеги бүткөн жер
Кайда десем… Сендеби?
Оо, өзөктү өрттөгөн мен…
Кал! десем калбайсың,
Канымда кайнайсың.
Айгайла! Күй! Жан!
Чыгып кет огуңан!

 

КӨРДҮҢӨРБҮ АЯЛДЫ КӨК ДЕҢИЗЧЕН

1
Кечээ күнү. Таңзаардан кетип калдык
кең талаага. Кусалыгым экөөбүз…
ээрчий берип аркабыздан Жалгыздык
жан көрбөгөн жайга кеттик үчөөбүз.

2
Бүгүн аны, ээрчитип келип Кусалыгым
көрөт окшойт көк деңизди акыры…
көзүмдөгү. Мен купуя шыбырадым…
ааламда жок эңсөөнү эңседимби?

…Көрсө, көрсүн. Билсе, билсин, шол адам
жубатышты жүрөгүмдү. Жол боюнда
тал-теректер менден бетер ыргалган,
толуп-ташып толкундары бойлорунда.

Алар дагы көк деңизчен болуп алган…
ташый берип толкундары тамырынан.
Деңиз жээктеп жүргөндөй жаалданган,
болкулдады жүрөгүмдүн тамыры да.

Талаа-түздөр, билемин мен кеткен соң,
шыбырашат сыр кылып таңдан кечке.
Көрдүңөрбү, аялды көк деңизчен…
түндө болсо киремин түштөрүнө.

Толкуп жаткан талаа көрсөң… Ал эсиңе
көлкүлдөгөн көөнүм анда… Эгер билсең,
түнү бою сыр айтышат жылдыздарга,
Көрдүңөрбү аялды көк деңизчен…

Шыбырашат анан, чөптөр түнү бою
биз дагы болуп алдык көк деңизчен…
карачы, кандай гана жылдыз коюу
Асманда аял жүрөт көк деңизчен…

Мен дагы түш көрөмүн. Деңиз жыттуу
түшүмө талаа кирип. Шыбак, эрмен.
А жаныман өтөт, өтөт жылаан кербен…
Алардын баары бүгүн көк деңизчен!

 

* * *

…Талаа талып, чаңкап калган аптапта
Жамгыр жашып, кезет кайсы алкакта.
Булут болуп буулуккандан чарчадым,
Сен да жүрбө, булуту көп жактарда…

Буулуп, буулуп, булут учуп көгүнөн
Кай мейкинде жамгыр жашы көлдөгөн.
Издей албайт, жерди кезип айталаа,
Мен да ошол талаа болгон өңдөнөм…

Сагынчымды жыйсам болоор аска-зоо…
Жазсам сыя, тартсам боек түтпөгөн.
Жайсам талаа… төксөм болоор дарыя…
Сени ырдаган ырларымдай бүтпөгөн.

 

АККУШУМ

…Агылып булут… Көк асман,
көйкөлөт кайың, тал-терек.
Ааламда ушу чалкыган,
болчусуң чынар… Байтерек.

…Кайкып-ойкуп, көп куштар,
калкыган көктө, топ куштар.
Тобуңан учуп Аккушум,
аңгырап калды сен туштар…

Жуп-жубу менен учкан бар,
жалгыздап учкан куштар бар.
Боорлоруң учкан боз жайда,
жаныңда боорум кимдер бар…

Куш-пушуң менен иши жок,
куушуп ойнойт жаш балдар.
Айланып өтүп боз тамды,
көзүмөн буурчак жаш тамды…

Сагындым сени Аккушум…
14.05.2009

 

* * *

Жолдор жабык… Кимге? Сага, магабы
Издебесең, ачылабы жол өзү…
Ниетиңде болсо аруу ак тилек,
Кара күчтүн чечилээр да түйүнү.

Жолдор жабык… Кимге? Сага, магабы?
Айырмасыз. Үстүбүздө асман бир.
Караан түнгө калса кокус ким бирөө,
Сага кантип болсун баары бир.

Жолдор эмне жол болгондон калабы?
Чырак сунса карайлаган шорлууга.
Жетсе, жетсе эгер менин кулачым
Баарысын бек кысат элем боорума.

Жолдор эмне жол болгондон калабы?
Жол беришсе алдуулары муңдууга.
Аалам баткан жүрөк керек ага да,
Армандуунун муңун-зарын угууга.

Жолдор жабык…Кимге? Сага, магабы?
Айлап-жылдап жабыгабы жүрөгүң.
Баштан ашып кетсе кетээр азабың,
Ошол, ошол жер үстүндө тирүүлүгүң.

Жолдор жабык… Кимге? Сага, магабы?
Арким, аркыл жабык, жалгыз аралбы?
Урган окшоп туш-тушуңан бурганак,
Жалгыз өзүң кучактаарсың арманды.

Жылдыздар да жарык күйөр асманда
Көрсө, көрсө карайлаган караанды.
Көөдөнүңө, көкүрөккө нур бүтүп,
Сал, сал болгон-бүткөн дарманды.

 

СУУБА КӨҢҮЛ, СУУЙ КӨРБӨ КӨКҮРӨК

Шаракташкан жандар деле тажайбы
шарап куйган, шампаңдаган кечеден.
А мен тажайм, көнүмүштөн тажаймын
өзүм менен өзүм сен, мен дешкенден…

Чылк оронгон калаа калың туманга
чыгып кеттим. Ойлор дагы туманда.
Сууба көңүл! Сууй көрбө көкүрөк!
күздүн сууган кечтеринде турсаң да.

Күз тумандуу болор бекен быйыл да,
туман жакшы кээде жаман туугандан.
Ким бирөөгө турбайт балким тыйынга,
туруп кетиш кыйын көңүл сууганда.

Өзүм менен өзүм сен, мен дешкенден
чыгып кеттим. Калаа калың туманда.
А адамдар бирин бири жешкенден
түк тажабайт. Сууба көңүл, сен сууба.

Сууба көңүл! Сууй көрбө көкүрөк!
сөзүн сүйлө, ырын ырда жүрөктүн.
Эгер менин “ай-ааламым түгөнсө”,
кереги не кан-сөөлү жок сүрөттүн.

Көрүп турган көмүскөнү бүт тегиз
кудайдын да көмөкөйү, мөөрү сен.
Ойлорума сен көпүрөө. Сен деңиз
болоруна мен ишенем, сен ишен.

Чылк оронгон калаа калың туманда
чырылдаган чындыгың бар койнуңда.
Сууба көңүл! Сууй көрбө көкүрөк!
сызылган бир сырларым бар оюмда.

Сууба көңүл! Сууй көрбө көкүрөк!

 

* * *

Өрт эмес… баягы өрт эмес,
Өрттү да өчүргөн сен эмес…
Кылым кеткен тутантканга
Кылым жетпес өчүргөнгө…

Күндөрүм жарык да күйүтүү,
Эңсетип эң учун бийиктин.
Адашар болсоң бул өмүр,
Анча неге анда күйүктүм…

Каалгасы бекилүү үмүттүн,
Сен эмес бекиткен, сен эмес.
Өзүмдү өзүм мен түңүлттүм,
Кулпулап кудайын күйүттүн.

Сагыныч, кусамды мендеги
Койбердим учсуз мейкинге…
Куштардай сабылып учушуп,
Жетеби жетээр бир чегине…

Көңүлдүн жээги жок көксөгөн,
Жөн гана жашаш да керекпи….
Эс менен, карандай эс менен
Эзилбей жашаш да келетпи?..

 

АЙ ЖАРЫКТА ОТУРСАМ

Тыңшап деңиз шоокумун,
Деңиз бойлоп турат үй.
Жээк тарапта эшиги,
Жээкке ачылган терезе…

Үй артында талаа түз,
Кокту-колот, адырлар.
Жээкти көздөй жүткүнгөн,
Дүргүй өскөн дүйүм тал.

Тыңшап деңиз шоокумун,
Тарабай кумар моокумум.
Шол деңиздин боюнда,
Деңиз сырдуу жашасам…

Талаа менен сырдашсам,
Талаа кезип ырдасам.
Суубай такыр ыр көксөөм,
Ай жарыкта отурсам…
Тыңшап деңиз шоокумун…