Поэзия

ПЕРСИЯ КАЙРЫКТАРЫНАН

* * *
Сээлдеди эски дарттын сүлдөрү,
Сергилеңмин мастык эзбей жүрөктү.
Соолуктуруп Тегерандын гүлдөрү,
Соо олтурам чайканада күнөстүү.

Орустарга мактап барсын дегендей,
Олбурлуу жан чайканачы чарк урат.
Күчтүү демдеп кызылынан белендей,
Күчтүү арак, вино ордуна чай сунат.

Сыйла, бирок алаксытпа анчалык,
Сыйдан артык лола гүлдүү багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.

Орустарда жаз жытындай асыл жар,
Окчун үйдө ит сыяктуу байланбайт.
Сомсуз эле өбүшүүгө акың бар,
Согушпайсың, канжар мизи кайралбайт.

А бул жердин келбетине таң болуп,
Алоо таңга окшоштурам иреңин.
Белек кылып Хороссандан шал жоолук,
Берер элем даңктуу Шираз килемин.

Кызыл чайдан ачуураак куй, кожоюн,
Кылым бою чындан калпка жаналбайм.
Билсең азыр өзүң менен өз оюм,
Бирок сенин милдетиңди алалбайм.

Эшигиңди кайтарсаң да канчалык,
Ээн жакта кире турган багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.
1925,
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Соодагерден сурап калдым калаада,
Сом ордуна жарым туман алмашкан :
«Кантип айтам ай-чырайлуу Лалага,
«Сүйөм» деген фарсы сөзүн бал таткан?»

Шыбырадым шек чыгарбай абага,
Шырп эткендей тоо жели же Ван көлү:
«Кантип айтам ай-чырайлуу Лалага,
Өбүү менен жазылса деп жан чери?»

Тергей бердим сарапкерди жана да,
Терең катып уятымдын салмагын:
«Деги үйрөтчү, кантип айтам Лалага,
Деген сөздү: «Сен меники, жалжалым!»

Ал мындайча чакан жообун тез берет:
«Ашыглыкты туюндурбайт сөз менен.
Ашыглыкты үшкүрүүдөн сездирет,
А болбосо оп тартышат көз менен.

Аткарылат сүйүү жолу суратпай,
Аты да жок Курандын эч жеринде.
Кызыганда бирин бири кучактай,
Кызыл эрин эрип турат эринде.

Биле билгин ашыглыкка жол таба,
Бирде шаттык, бирде кайгы жегенди.
Үлбүрчөгүн ача койгон кол гана,
Үйрөткөнү «сен меники» дегенди».
1924,
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Шаганэ жаным, Шаганэ,
Айтайын сөздү шар эле:
Алыскы түндүк жеримди,
Ай тийген алтын эгинди,
Шаганэ жаным, Шаганэ.

Жүрөгүм түндүк тарапта,
Жүз эсе жарык айы бар.
Шираздан артык жагат да.
Рязандын жагар жайы бар,
Мекеним ошол тарапта.

Айтайын сары талааны,
Арнаган мага алтын чач.
Ороп ал колго, карлыгач,
Сары чач сага жагабы?
Сайрайын сары талааны.

Көйкөлүп жаткан эгинди.
Көрө бер тармал чачыман.
Ойносоң ойно, асылжан.
Оорутпа, бирок көңүлдү,
Эстетип алтын эгинди.

Шаганэ жаным, Шаганэ,
Анда да бир кыз бар эле.
Ал мени күтүп жатпасын,
Өзүңдөй асыл жан эле.
Шаганэ жаным, Шаганэ!
1924
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Саади акынды сен айттың,
Кош мөмөдөн өпкөнүн.
Өзүң көр деп мен айттым,
Өбүү кандай өткөнүн.

Сен ырдадың: «Евфраттын
Селкисинен гүлү артык».
Ырдабаймын мен антип,
Ырга жансыз жүк артып.

Гүлдү кыйып салмакмын,
Гүлдөбөсүн док артып.
Шаганэден ардактуу,
Бул дүйнөдө жол артык.

Акылды тим койгон оң,
Ар кыйноодон өткөрбөй.
Өзүм акын болгон соң,
Өбөм акын өпкөндөй.
19.12.1924
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Жок, эч качан Босфордо мен болбогом,
Жооп күтпө ал тууралуу сен эми.
Көздөрүңөн көгүлтүр от ойногон,
Көрүп турам көк деңиздин тереңин.

Кербен айдап Багдадга да барбадым,
Кезмал менен, шайы, кына, жүк менен.
Эңкейип кой шыңга мүчө жалжалым,
Эс алууга кош тизеңе бүктөлөм.

Же жалынып өтүнсөм да канчалык,
Жетпес бекен сага баркым дегеле?
Алыс калган Россияда даңкталып,
Аты чыккан айтылуу акын мен элем.

Ал тарапка куса болуп турамын:
Айлуу түндө ит үргөнүн угамын.
О, фарсы кыз, кантип көргүң келбесин,
Орустардын ыраакы көгүш өлкөсүн?

Сейилдөөгө зериккенден келбедим,
Сен чакырдың, кош көзүмдүн чырагы.
Ак билекти «кел берилеп» сермедиң,
Ак куу каккан эки канат сыңары.

Мен эбактан тагдырга тынч жер издейм,
Мен наалыбайм жаман өткөн өмүргө.
Кеп козгочу тилиң менен мейиздей,
Кереметтүү шайыр өлкөң жөнүндө.

Кумар жазчы, жүрөк отун тамызчы,
Кушбак болуп жаңы жыттай көктөйүн.
Эске түшүп түндүк кызы алыскы,
Эрикпейин, үшкүрбөйүн, чөкпөйүн.

Асыл перим, болбосом да Босфордо,
Ал тууралуу баян берем мен эми.
Ансыз деле көзүң толгон отторго,
Анда толкуйт көк деңиздин тереңи.
1924
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Кең өрөөндүн кеч шоокуму бир укмуш,
Кербезденет лола гүлдөр жайнаган.
Абазыңан угузуп кой, аруу кыз,
Кезегинде акын Хаём сайраган,
Кербезденет лола гүлдөр жайнаган.

Ай нурунда чалкыйт Шираз асманы.
Арбын жылдыз калдыркандай дилдирейт.
Фарсылардын кызга чүмбөт жапканы.
Көңүлгө серт түркөйлүктү билдирет,
Көпкөк тартып чалкыйт Шираз асманы.

Жылуулуктан муздагандай селкилер,
Жылдыздардан далдаланат эмнеге?
Же көбүрөөк сүйсүн үчүн бекинер,
Жектейт белек абага өңүн желдесе?
Жылдыздардан корунушат эмнеге?

Үлбүрчөктө солуйт аял көркөмү,
Үйрөнүп ал, жашоо жайын, дилбарым.
Ансыз деле өмүр кыска, өлчөлүү.
Аз татабыз ашыглыктын жыргалын,
Айтканымды эсиңе тут, дилбарым.

Өңү сертке бербесе да үзүрдү,
Өз үлүшүн куп талашат дүйнөдөн.
Андан болсо сенин айдай жүзүңдү,
Айып болор үлбүрчөккө бүркөгөн,
Акыйкат бар акты серттен иргеген.

Абазданат лола гүлдөр жайнаган,
Алаксытат бөлөк өлкө кайрадан.
Ыраа тутсаң, асыл сулуум аз-аздан…
Ырдап берем Хаёмдо жок, казалдан,
Ыракат тапсын лола гүлдөр жайнаган.
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ
* * *
Чалкып барат муңайыңкы алтын ай,
Чарбактагы гүлзарларга ким тойбос.
Араласаң сейилдикке жакшы жай,
Асманы көк, ынак өлкө меймандос.

Багдад азыр бул замандан алыста,
Баралында Шахрезада даңктаган.
Жылас болгон жарык дүйнө ал кызга,
Жылаажын бак үнүн баскан капкачан.

Ал элестер калган эски жайында,
Аң-дөң болгон бейиттерди чөп баскан.
Эй, жолоочу, арбактарга табынба,
Эмне пайда сыйынуудан, көз жаштан?

Абайласаң көңүлгө чак теребел,
Айкалышып роза сорот эриндер.
Касың менен жүрөктөшүп келе бер,
Кадыр-сыйга бөпөлөнсүн өмүрлөр.

Сүйө билсең, сүйдүрө бил ар качан,
Сүйгөнүңдүн жытын искеп дуула да.
Арбактарга сыйынууну кааласаң,
Ал уу менен тирүүлөрдү уулаба.

Шахрезада так айтыптыр себебин:
Шак мөмөлөйт, балы балга өтүшөт.
Бул дүйнөдө энчиси жок неменин
Жоктугуна аёо кылуу жетишет.
1925
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Хороссанда далай укмуш эшик бар,
Гүл төшөлгөн босогосу бийик баа.
Анда жашайт пери сындуу ашык жар,
Ачалбадым, бирок анын бирин да,
Хороссанда дал ошондой эшик бар.

Чарчоо билбес колумда күч болсо да.
Чачыма жез, алтын кени толсо да,
Эрип кетип пери кыздын үнүнө,
Эшик ачып кире албадым үйүнө,
Балбан билек, чымыр булчуң болсо да.

Сүйүү күчү жокко чыкты шар эле,
Кимге ырдадым? Мен эмнеге эридим?
Же бозоюн кызганбаса Шаганэ,
Же эшигин ачалбасам перинин,
Сүйүү күчү жокко чыкты шар эле.

Келди мезгил Россияга кайтууга,
О, Персия, кантип таштап кетемин?
Ооз барбайт түбөлүк деп айтууга,
Оп тартууда, бирок сүйгөн мекеним,
Келди мезгил Россияга кайтууга.

Кош, пери кыз! Кош, мухаббат мекени!
Ачалбадым эшигиңди бир сапар.
Сезимди ээлеп куса болуу, сагынуу,
Сен тууралуу акын анда ыр жазар,
Кош, пери кыз! Кош, жанымдын жарымы!
Март, 1925
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Айбаласаң акын болуу дегенди –
Апыртпайлы бул чындыкты адатта:
Кан чыгара кескилеп өз денеңди,
Кандырганың башкаларды ыракатка.

Акын болуу – дүйнө кезүү деген кеп,
Аалам сырын ачып берүү бүт сага.
Булбул сайрайт жетпегенин көп эңсеп,
Бирок аны ырдар ыры бир гана.

Чакчыгай да жаратылыш чымчыгы,
Чамасы чак, башкаларды туураган,
Өздүк үнү болуу керек ырчынын,
Өз үнүндө бака чардайт жылгадан.

Мухамеддин Курандагы айтканы:
«Мунапыссыз шарапты оозго албагын».
А акындар өз шертинен кайтпады,
Арак менен басат жүрөк зардабын.

Акын кээде сүйгөнүнө баратса:
А сүйгөнү башка менен жатат да,
Жуткан арак аны кармап калат да,
Жубайларга бычак урбайт адатта.

Кереги эмне, эрегиштен эр өлүш,
Кең бололу энчисине бирөөнүн:
Ансыз деле жетпей жүрүп өлөбүз,
Ал эбактан көрө жүргөн бир өлүм!
Август, 1925
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

* * *
Сүйгөнүмдүн кош ак куудай колдору,
Сүзүп барат алтын түстүү чачымда.
Ашыглыктын кайра ырдалчу жолдору,
Аалам үчүн бүтпөс обон, асыл баа.

Ал обонду мен эзелтен сайрагам,
Азыр дагы кубулжуду ыргагы.
Мукам кагып, терең кетти кайрадан,
Мухабаттан азык алган ыр сабы.

Шыпкай сүйсө маңызыңды асыл жар,
Шынаа жүрөк алтын болот уюган.
Булут челген Тегерандын айы бар,
Бул ырыма зер чачкан жок нурунан.

Күндөрүмдү мен кандайча өткөрсөм,
Күйсөм бекен Шаганэнин отуна?
Кандай болот же жөнеле бөксөрсөм,
Жакшы ырларды кагып эсеп-чотума?

Көп нерсенин көркөм чебер ээси бар,
Көз кумарын, кулак курчун кандырган.
Кокус ырды жаман жазса персиян,
Кооз Шираз тукуму эмес ал урган.

Мен тууралуу жана бул ыр тууралуу,
Мезгилинде калың элге айткыла:
«Абаздуураак болмок эле ырлары,
Арбатпаса алиги кош ак кууга».
Август, 1925
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

 

КАРА КИШИ
(поэма)

Досум ай, досум, досум!
Оорумун, оорулуумун,
Оорумун өтө катуу.
Бул оору качан, кайдан
Жабышты, билбейм, билбейм.
Өзүмдөн өзүм кирдеп,
Өзүмдөн өзүм зилдейм.
Кечээ, же мурдагы ичкен
Кээриби ичкиликтин.
Жыйрылып кабак-кашым
Чыңалып ооруйт башым.
Ылымта, ыктоо таппай,
Ыргалам жерге батпай.
Күндөрү сентябрдын
Күбүгөн жалбырактай.
Кийими, ырай, түсү
Карадан кара киши,
Карадан кара киши
Карасы көзгө саяр.
Караңгы кирер замат
Кашымда болот даяр.
Барактап бир китепти
Ар сабын талдап, иргеп:
«Билчүмүн мен бирөөнү
Угуп ал, угуп ал! – дейт –
Ал өстү бир өлкөдө,
Айрыкча декабрда
Тумандуу асманынан
Актан ак жааган кары.
Алдамчы, алдым-жуттум,
А бирок адамдары.
Жаракөр, сүйкүмдүү түс
Жан эле авантюрист.
Анан да акын болчу
Кулаалы, тоту куштан
Куралган топту бузган
Курч, терең болбосо да
Кур эмес талант, шыктан.
Алпейим эле жигит
Ак сүйүп, өчүп-күйүп
Аялды кырктан өткөн
Гүлбурак кызга теңеп,
Жаным деп эркелеткен.
Ал айтчу: Бакыт кимде?
Эптүүдө, эсептүүдө.
Салбаска колду салуу,
Карабай эч нерсеге
Каалаган илип жемди,
Карышып алчуну алуу.
Жалтырап турсун тышың,
Жабыркап жан-көңүлүң
Ит үрүп… эчтеке эмес
Ичиңден иригениң».
Досум ай, досум, досум!
Оорумун, оорулуумун,
Оорумун өтө катуу.
Бул оору качан, кайдан
Жабышты, билбейм, билбейм.
Ыргалам ыктоо таппай,
Чачылам жерге батпай.
Күндөрү сентябрдын
Күбүгөн жалбырактай.
Ышкырып туш-тушуман
Тургансып ызгаар үйлөп.
Чыйрыгам, туталанам
Чырагым, отум күйбөй.
Көрүнөт дайым түндөп
Көңүлү, көзү кирдеп.
Карадан кара киши,
Карадан кара киши.
Олтурат, турат, басат
Кайдагы бир акындын
Качанкы ырын казат.
Казат да минтип айтат:
«Качандыр, качандыр бир
Калуга, Рязандабы,
Кыраңын жоош кыштактын
Кыялап эркин өскөн
Билчү элем бир баланы.
Барга тооп, жокко кайыл
Көзү көк, чачы сары
Бала эле пейли жайыл.
Ал кийин ырыс, жолдуу
Ааламга болбосо да
Алыска аты кеткен
Атактуу акын болду.
Алпейим болду жигит
Сүйүппү, же сүйбөппү,
Жубанды кырктан ашкан
Жубардай кызга теңеп
Жубум деп тааныштырган».
Досум ай, досум, досум!
Оорумун, өтө оорумун.
Оорумун кошул-ташыл,
Оорумун үзүк-созул.
Тирмиет… иңир кире,
Тирукмуш кара бирөө
Көзүмө көзүн матап,
Албаган мен моюнга
Арамдык, куулук аттуу
Аёосуз бир чындыкты
Ийчүдөй бетиме чаап…
Кайрылып терезеге
Караймын түрүп парда.
Кар мында, аяз анда
Кароолун ак аткарган
Кароолчу атчандардай
Карабак тараптардан
Карк этет жалгыз карга.
Күтөмүн көңлүм зилдеп,
Көрүнүп дайым түндөп:
«Билүүмчө сен дагы акын
Ырлардан чырга жакын,
Киркирейт: «Билдиңби?» – деп,
Зиркирейт: «Көрдүңбү?» – деп,
Дайынсыз көптөн бери,
Не кылып, кайда жүрөт?»
Кабагы, ырай, түсү
Карадан кара киши,
Карадан кара киши!
Кайдагы акын менен
Бар менин кандай ишим.
Жосунсуз адаттарын,
Жоготуп адашканын,
Жомогун, санааттарын
Башкага айт, мага айтпагын!
…Тумчугуп тирилип, өлүп,
Туттугуп, жиним келип,
Тулгадай союл менен
Тумшукка калдым берип.
…Ай батып, таң агарып
Албырды Чыгыш сууган,
Бөлөк жан, бөлөк из жок
Бөлмөмдө жалгыз турам.
Катыгүн, караңгы түн!
Калкыттың кандай ишти
Артымда дубал бүтүн,
Алдымда сынган күзгү.
1925
Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА