Ырлар

ЖАЛГЫЗ ТАЛ

Ушундай да мерез мезгил болобу?
Ушунчалык дарактардын ичинен
Баягы эле жалгыз мени тоноду.
Бутагымда булбул сайрап турчу эле,
Эмки жазда периште куш конобу?

 

Жашачу элем төрт мезгилде төрт башка,
Кадимкидей турат башка дарактар.
Капырай де, карт тал болдум бир паста.
Оңой тура кубанычты бөлүшүү,
Кайгы деген келет тура керт башка.

Кууратам деп мезгил турса узанып,
Айланама агып келчү суу бардыр.
Менин күнүм батпай турчу кызарып.
Башка чырпык чыгар бекен түбүнөн,
Учур келип уучум кайра узарып…

 

* * *

Ошондо жүрөгүмдү толкун басат,
Ырларым шаңшып учса, сен шарпылдап.
Түбөлүк түн түшүүгө мүмкүн эмес,
Кайрадан көрүшмөй бар бир жаркылдап.

Бешикке бөлөп кеттим ырларымды,
Жатышат бейпилдикте алар уктап.
Ойгонсо учуруп ий туш тарапка,
Кайрадан угулмай бар жаңырыктап.

 

УУЛУМ УРААНБЕККЕ

Болалбадым пешенеңден сылаган,
Сооротподум үнүңдү угуп ыйлаган.
Коштошордо перзент элең себеби,
Апакеңдин курсагында туйлаган.

Жүргөндүрсүң чоочундарга элеңдеп,
Айта жаздап: «Менин атам белең?» – деп.
Сага жашташ коңшу балдар келет дейт,
— Жүр, ойнойбуз, атасы жок бала – деп.

Айт балдарга менин атым күйдүм чок,
Атам менен таанышам деп — сак болсок.
Ким-ов болуп чакырылып жүрөсүң,
Менде болсо ата деген укук жок.

Мүмкүн менде күнөө бардыр кечирбес,
Апаңда да ченелүү эле акыл-эс.
Менден көрө ата болот түбөлүк,
Турагыңдын тузун татып, суусун кеч.

 

* * *

Айтыш кыйын ачып көрө электе:
Өзүң жактыр, не бар, не жок жүрөктө.
Жарай турган жактарымды ал дагы,
Жетпей турган жерлериңе керекте.

Ошент мекен, кетелекте кечеңдеп,
Кантип айтам ким бирөөгө ишен деп.
Сенден дагы угалекти угармын,
Сага айтылып, айтылалек нечен кеп…

 

* * *

Ойлобо боломун деп кызыл гүлдөй,
Жөн эле жүрсөң болду өзгөрүлбөй.
Ошондо көрүнөсүң өзүм болуп,
Тулпардын тунуп турган көздөрүндөй.

Мылтыктын үнүн уккан элик болдум,
Турмушка туткактатпай безип жүрдүм.
Жашоого бир жарашып коёлучу,
Садага, зарлап жүрүп сени сүйдүм…

 

УШУЛ ЖАРЫК ТЕРЕЗЕ

Калдым мына керебетте бөлөнүп,
Кайра кетмей, же айыгып, же өлүп.
Ооруп келген күндөн бери жатамын,
Ушул жарык терезеден күн көрүп…

Эгер жетсе менде болчу кудурет,
Мүмкүн көпкө жашарымды ким билет.
Асманынан тереземе эңкейип,
Жалгыз көзүн жалжылдатып күн күлөт.

Кайра угулчу күндүн жарык күлкүсү,
Кимдин келбейт күлкүлүү өмүр сүргүсү.
Ушул жарык терезе бейм жашоомдун,
Мен жүзүмдү көрүп турчу күлкүсү.

Терезеден дүйнө карайм эмесе,
Тирүүлөргө кызмат кылган миң эсе.
Тийип турса болду сенин жарыгың,
Мен өчсөм да, сен өчпөчү терезе,
Болушунча балбылдачы терезе…
1976-жыл, август

 

ҮН
(Мыскал Өмүркановага)

Ырысыма айтса  экен деп жаңы ырдан,
Үмүттөнүп ырды тыңшайм жаңырган.
Мыскал эже ырдаса экен ылайым,
Менче болор медер тутуп сагынган.

Көңүлүмдүн көксөп жүргөн дартын таап,
Мыскал эже ырдап жатса шаңкылдап.
А мен үчүн жаткан менен барабар,
Өмүрүмө жазгы күнкү жамгыр жаап.

Куштун баарын берем десе жаз мага,
Мен эжени алмашпаймын башкага.
Сейрек чыкчу мындай үндү чиркин-ай,
Жазып койсо жаңырыктуу аскага.

Учат эле улуу тоонун улары,
Мага бүткөн зор бакыт деп бу дагы.
Мен гана эмес, жаратылыш тыңдасын,
Жаңыра бер, жапайы үндүн кудайы.

 

* * *

Үзүлгөндө куттуу үйдүн туткасы,
Үй аңгырап, мен жалдырап кыскасы.
Өзүмө өзүм көңүл айтып калгамын,
Бөлүнөт деп көлөкөңдөн башкасы.

 

* * *

Мөңгүнүн алдындагы гүлдү өбөм деп,
Күн болуп төрөлүшүм керек беле…
Жөн эле сени сүйүп жүрсөм болду,
Тагдырдын талабына керектеле.

Белгисиз элестерди ээрчип кетип,
Өзүмдү өзүм гана эркелетип.
Жүрчүмүн буга чейин өзүм билип,
Сүйүүгө көрөйүнчү желкелетип…

Кокустан тандаганым тазга болуп,
Жолуксам сүйүүлөрдүн сокуруна.
Күбүрөп мен жөнүндө качан болсо,
Калармын куран болуп окуруңа.

Кереги мен болормун сактап жүрөр,
А мүмкүн көрүп калса көзү ачыгы.
Ошондо коңгуроолуу жүрөгүмдүн,
Басылбай сага болгон сагынычы…