Карасөз

Жазуучунун жандептеринен

 

Поэзия

* * *

Кош болгун, селки, кош болгун.
Кайрылбайм сага калтырам,
шамалын кара Кочкордун,
изимди жууган артыман.

Эскербе, күтпө. Күлкүңдү
кирдетпе. Дагы сураныч,
колуңдан келсе ал түндү
койгунуң эстен чыгарып.

Аман бол! Албайм тынчыңды,
аруу го дегем. Кыз депмин.
Ачылган эбак кулпуңдун
ачкычын бекер издепмин.

 

* * *

Ыйлап ал жүрөк жибитип,
ыйлап ал жанга көрүнбөй.
Сүйүүңдү кайра тирилтир,
албайсың селки өлүмдөн.

Кетпесең болмок тез ээрип,
буйткалуу өмүр булуңдуу.
Анчалык алгач ишенип
ачпасаң болмок сырыңды…

Душманың эмес, дос да эмес,
бөлүнгөн бөксө жол басчу,
өзгө эмес эми ал, өз да эмес,
кер мурут, шайыр, сымбаттуу.

Аманбы дебес, кош дебес,
белеси чуңкур бел басчу.
Кас эмес эми ал, дос да эмес,
кең далы, өткүр, урматтууң.

Алданган, азган муңайып,
ырысың жерге төгүлгөн,
Ыйлап ал бугуң чыгарып,
ыйлап ал жанга көрүнбөй.

 

* * *

Угаар сөзүм сенден шул беле?
Жарбагыр ай, жанды кейитип,
жолугуу бар ушул дүйнөдө,
“Жолукпайбыз! – дейсиң, – эми түк”.

Карааныңды көрбөй кайыккам,
түшүмдө элең түгөл уктасам.
Кездешүү көп ушул жарыкта,
“Кезикпейбиз! – дейсиң, – эч качан”.

Алы жетпес атың атоого,
качандыр бир агаңды оюңа ал.
Жарбагыр ай, жалкы жашоодо
сага дагы сүйүү жолугаар…

 

* * *

Жарык маанай, жароокер жаркылдагым,
Ай жолундай көлдөгү жаркылдадың.
Шамал болуп сапырып сылагым бар,
жайган кундуз чачыңдын арбир талын.

Асыл, асыл асыл зат, аркар моюн,
туңгуюк жар артыма кайтар жолум!
Сыңган канат сыңары силкип салба,
саамайыңды сылайм деп сунсам колум.

Ордо шаарда от күйөт жымыңдаган,
отун издеп көп жүрөт тыйылбаган.
Оомал-төкмөл бакыттын обону бар –
отуз жаштын артынан ыр ырдаган.

Кымча кезиң кыр ашып ыраак калып,
кыз курагың чакырса чырак жагып,
көп жигиттин ичинен көрөр белең,
көп селкилер ичинен буластанып?

Тунук адам тунуктун кунун билет,
тынч көңүлдү тоз кылып куюн келет.
Жалкы кылба, жайдарым, жарыгың төк,
жайдак өтүп кетпейин тургун жөлөп…

Кызыл, кызыл, кызыл күн кырга батат,
кылым кыйры кымбатым, кырга батат.
Көртирликтин көйгөйү кирдетпейби,
жамгыр үнүн жанашып тыңдабасак.

Аруу айдын ак таңы кырдан атат,
айдарым жел аздектүү ырдап атат.
Көртирликтин короосу чарчатпайбы,
коңгуроосун көңүлдүн тыңдабасак.

Шамал каккан жалындай жалпылдадым,
ал ансайын айжаркын шаңкылдадың.
Кеч кезиккен жолумдан жарык маңдай,
жаркын маанай, жароокер, жаркылдагым.

 

ЖООПСУЗ…

Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап!

Акылымда күлкүң агып шыңгырап,
тамырымда сагынычым зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
бул сүйүүнү коём кантип кулпулап?

Башым батып, балтыр сыяр жай барбы?
Бырыштарын жууйм нетип маңдайдын?
Гүлдөр мага күү чертишти жазды-жай,
буркураган жытын үрөп армандын.

Ушул илеп улааргандан уларып,
көп жуулган көйнөк окшоп кубарып…
Жалгыздыктын жаалы катуу, каары курч,
теним муздайт тамырымдан суу агып.

Жараткан-ай, унутууга мүмкүнбү,
чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү?
Дудуктандым, дүлөйлөндүм, дымыдым,
тепкеси жок толгонбогон кыл сындуу.

Кашыктагы кара суудай мөлтүрөп,
көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп.
Жаным сыздайт жарылбаган жарадай,
ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт.

Кулдук уруп кетеримде чөгөлөп,
көзүңдү өбөм – көз отуңду керемет.
Кезиң үчүн эс учумдан тандырган,
кездер үчүн кеткен жана келелек.

Жок кылдай да сага менин керегим,
кетем деле кайра айланып келемин.
Ара жолдо калаар жоопсуз ак сүйүү,
ара жолдо сокпойт жүрөк эгерим.

Мени ушунча беймазага батырган,
арманымды мумиядай катырган.
Эмне мынча түшүнүксүз, эссизсиң?
Эмне мынча эсимди алган асыл жан?