Поэзия

ТУЛПАР АРТЫНДА

Артымдагы милдеттерим такымдап,
Алдымдагы асыл максат закымдап,
Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,
Барчусуна баратамын жакындап.

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,
Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,
Айтор, эптеп аман чуркап келатам
Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

Азайгансып каталарым кетирген,
Акыл-эсим мурдагыдан жетилген.
Бир кемтигим – каректерим карыккан.
Бир өксүгүм – туяктарым кетилген.

Кыялдарым элес албай башканы,
Кырды көздөй кетип барам, ашканы.
Кысталганым – кубатымдын тозгону,
Кыйналганым – кыя жолдун таштагы.

Алыс калып асыл кездин көктөмү,
Азыр гана эске түшөт, кеткени.
Амалым жок, алга жыла бербеске –
Артта калсам – ажалымдын жеткени…
22/10/2016

 

ДҮЙНӨ

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган.
Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.
Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,
Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,
Баратам, эл катары жылган болуп.
Келечек – кечээгимден бөлөк карап,
Кетишим – келгенимден ылдам болуп…

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.
Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.
Улуусуң! Ушунчалык терең туруп
Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.
Чындыгың акырында өзүмдү алаар.
Ак калпак аталардан мурас болгон,
“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.
Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.
Тигилип тойбой келем, көркөмүңө
Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.
25/05/16

 

ТҮНКҮ ЖАМГЫР

Көптөгөн жылдыз көрүнбөй бүгүн карааны
Көнөктөйт жамгыр, көлчүктүн үстүн чегелеп.
Сергитип, тыптынч уйкуда жаткан калааны,
Себелеп атат, себелеп атат, себелеп…

Талпынып төмөн, таштаган бойдон денесин
Тамчылар кулайт, тагдырга моюн сунушуп.
Ушунча жылдар, узаган күндөр элесин
Унутуп барам, унутуп барам, унутуп…

Таң калып койдум, эстутум өчкөн жан сымал.
Таба албай турдум, тааныла турган тарапты.
Алардын баарын акырын жааган тамчылар
Асмандан түшүп, агызып кетип баратты.

Теребел – жамгыр. Терезе тартат мезгилдер.
Тептегиз болуп термелет, тунук көңүлүм.
Уйкусуз түндө учурдун баасын сездирген
Умтулган сайын уучумдан аккан Өмүрүм.
10/05/2016

 

АЙ, МЕН ЖАНА КӨЛӨКӨ
(Ли Бонун таасири менен)

Ар нерсени көрөсүң,
Алыс сапар жөнөсөң.
Арак ичтик үчөөбүз –
Ай, мен жана Көлөкөм.

Издешпестен табыштык,
Ичкиликтен алыштык.
Ысык-ынак сырдашып,
Ыстаканды кагыштык.

Жарык кылып дүйнөнү,
Жаштар экен сүйгөнү,
Ай жарыктык тамагын,
Аста кырып сүйлөдү.

“Бирде жигит толуучу,
Бийик көктө конуучу.
Бирде сынып, бөлүнгөн
Билериктей болуучу.

Жалгыз дарак чер болбойт,
Жалгыз баатыр эл болбойт.
Жандооч кийик аттырат.
Жалаң топо Жер болбойт.

Кылымдардан кылым көп,
Кыйгач тийген нурум көп.
Ээй эмнесин айтайын?
Эстей турган сырым көп!

Арыбасын Жер жагы,
Айланайын мен дагы.
Акындардын тобунда,
Аман жүрчү сен дагы.

Көркөм гүлдөр буралсын,
Көрсөң көзүң кубансын.
Салам айтып кең дүйнө
Сапарыңар улансын!!”

Айдын сөзүн калтырбай,
Алып ийдик тартынбай.
Арабызда олтурду,
Ак таажысы жаркылдай.

Айды жакын көз көрүп.
Аалам бүтүн өзгөрүп.
Маңдай жара кубандым,
Мага дагы сөз келип.

“Айланайын Ай ага!
Ак жарыкка бай ага!
Анда-санда ушинтип
Ак тилегиң аяба!

Акылыңа кирели,
Айтсаң кулак түрөлү.
Сырдашканбыз бая деп
Сыймыктанып жүрөлү!”

Ысытмага толтуруп
Ыстыканга кол сунуп,
Тартып ийип үчөөбүз
Талый түштүк олтуруп.

Чылым чегип бир бастык,
Чын жүрөктөн сырдаштык.
Азыркылар укпаган
Абалкыны ырдаштык.

Анан, Өз боюмдан өнгөн кул,
Өнөрүмдү көргөн кул,
Өмүр бою жарыктан
Өсө түшүп көнгөн кул,

Жакындабас бөлөккө,
Жарабаган жөлөккө,
“Кебимди укчу экөөң” деп
Кезек алды Көлөкө.

“Адаштырбай жарымын,
Айтсам кептин аныгын,
Күмүш сакал Ай деле
Күндөн алат жарыгын.

Күндүн нурун Ай алып,
Күндө жаны жай алып.
Желип-жортот адамзат,
Жерге буту таянып.

Ай, Күн калаар түбөлүк,
Адам кетээр түгөнүп.
Өңү-түсү билинбес
Өзүм гана тири өлүк.

Же таштап басып кеткидей
Мейкиндигим болсочу?
Же тагдырымды чечкидей
Эркиндигим болсочу?

Көчкөн булут көңүлүм,
Көзкаранды өмүрүм.
Жарык менен Аныкка
Жабыштырган Теңирим.

Баягысы баягы,
Башталгандын аягы,
Атаганат бир гана
Адамзатың аялуу.

Эгиз досу мен болуп,
Эртеңкиси кем болуп,
Ээрчип кетет өзүмдү
Элес менен тең болуп.

Жалган-чыны үч эли,
Жабышпасын ичеги.
Кайрылбаган учурдун
Кадыры үчүн ичели!”

Айтса-айтпаса төгүнбү?
Арман ээлеп көңүлдү
Агыл-төгүл ушул түн
Абдан кыска көрүндү.

Алкап Жарык тарапты,
Алдык дагы аракты.
Арабыздан коштошуп
Ай ордуна баратты.

Жалгыз өмүр кем болуп,
Жандүйнөсү кең болуп,
Адам турду ортодо
Аалам менен тең болуп.

Көрүнбөгөн аягы,
Көргөн түштүн аяны,
Уламыштан уланган
Узун түндүн баяны.

Табышмактуу Сөз ыйык,
Тамчы толгон көз ыйык.
Табыштырбай кетсе да
Тагдыр деген өзү ыйык.

Жоодураган көз ыйык,
Жомок айткан Сөз ыйык.
Жолуктурбай кетсе да
Жол дегендин өзү ыйык!
01.11. 15

 

ЭКРАН

Көчөдө жааган тунук кар,
Көр оокат жайын унуткар!
Өмүрдү тоноп баратат
12 сааттык жумуштар…

Оңдолуп бүтпөс катадай,
Оролсо жетпес матадай,
Өкчөлүп барам чүкөдөй
Өз жашоом менен жашабай.

Кайратым, бүлөп-кайралган,
Карегим, дүйнө айланган –
Кайда бир чоочун, маанисиз
Кабарга барып байланган.

Кырдагы тоонун этеги,
Кыйкырсам үнүм жетеби?
Жайнаган турмуш таттырбай
Жанымдан өтүп кетеби?

Өмүрдү Кудай берди эле,
Өзүмдү билип мен деле,
Тирмийип катып отурбай
ТИРҮҮ ЖАН болгум келди эле…
10/01/2017

 

ТАГДЫР ТАЛАШ

Асыл жарым, колтукташкан билегим,
Артымдагы эки уул, бир кыз – тирегим!
Айлап-жылдап тамыр жайып баратат
«Астыңарга кетсем» деген тилегим.

Ай-ааламга силер менен арбысам,
Аз өмүрдө Күндөй болуп жаркысам,
Амандыгың көрүп жүрүп баарыңдын
Арманым жок, бул дүйнөдөн каргысам.

Акка моюн сунаары чын, башымдын!
Антсе дагы мааниси бар, жашымдын:
«Таймашканың так ушундай бүтмөк…» деп
Табалашын каалабаймын, касымдын.

Ар бир күнүм – тагдыр сунган белек дейм.
Айлар, жылдар – туу сайылчу белес дейм.
«Атасынын как чокусу! Күрөштөн
АЛАР ЭМЕС, МЕН ЖЕҢИШИМ КЕРЕК» дейм.

«Жеңе албайсың…» деген сөзүн эстетип,
«ЖЕҢДИМ, МЫНА, НЕ КЫЛАСЫҢ?» деп зекип,
Тургум келет туусун жыгып алардын,
Тулпарымдын туягына тепсетип.

Далайлардын өз катасын оңдотуп,
Даңгыр кылып, сапарымды жолдотуп,
Кең дүйнөгө «Андай эмес, мындай!» деп
Кетким келет өз чындыгым орнотуп.

Жемиш толсун көксөөсүндө көңүлдүн.
Жеңиш болсун өзөгүндө өмүрдүн.
Эркин өскөн баласымын, кыргыздын,
Эпкинимин, динге батпас Теңирдин.

Эчендеген хандар-бектер бийлеген,
Энчи болуп эч бирөөнө тийбеген
Жер бетинде өз милдетим аткарып,
Жеңип (!),
жетип (!),
…жеңил кетем дүйнөдөн.
10/10/2016